3-апрелде Орусияда ОМОН кызматкерлери тажик мигранттары жашаган жатаканага кирип барып, эшик-терезелерин талкалап, документтерин текшерүү үчүн 60тан ашуун адамды алып кетишкен.
Мигранттардын айтымында, бир нече адам айып пул төлөгөндөн кийин бошотулса, көпчүлүгү үчүн депортациялоо чечими кабыл алынган. Айып салынган мигранттар азыр коркуп жашап жатканын билдиришти.
“Мен кайда барарымды, эмне кылышымды билбейм. Жадакалса дүкөнгө чыккандан да корком. Эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Эки-үч адамдын айынан баардык тажиктер кыйналып жатат. Азыр документтериң жайында болсо деле кууп чыгышат. Агамды жакында эле кармап, Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салышты. Себебин түшүндүрүшкөн жок”, – деди коопсуздук максатында аты-жөнүн билдиргиси келбеген мигранттардын бири.