Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптаган аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат бергендигин Tengrinews.kz. маалымат агенттиги билдирди.

Суу ташкын башталгандан бери жалпысынан 99 869 адам куткарылган, анын 36 591и балдар. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында 6 586 адам жайгаштырылып, алардын 3 197си балдар. 9 миллион кубометр сел суусу сордурулуп, 1,6 миллион даана кап жана 1,2 миллион тонна инерттик материал суунун нугун тосуу үчүн орнотулган.

Авариялык-куткаруу иштерине 34 272 адам жана 4 миң даана техника, 17 тик учак тартылган. Акыркы сааттарда 3 563 жеке туракжайлар, 563 короо аянты жана 6 облустагы:  Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Чыгыш-Казакстан, Түндүк-Казакстанда 1 778 дача үйлөрү суу астында калууда.

3 052 туракжайдан жана 2 миңге жакын короо аянттарынан суу сордурулду.

“Өлкөнүн 8 аймагында: Актөбө, Кустанай, Батыш-Казакстан, Акмоло, Караганда, Атырау, Түндүк-Казакстан жана Улуутоо облусттарында  өзгөчө кырдаал абалы сакталууда. ӨКМ жарандарды табияттын ар кандай күтүлбөй келген кырсыктарынан сак болуп, суу ташкыны жүргөн мезгилде коопсуздук чараларын кынтыксыз аткарууну, үйдөн чыкпай, тиешелүү уруксат болмоюнча эвакуациялык пункттардан чыкпоону эскертет”, – деди ӨКМдин Жарандык коргонуу жана аскердик бөлүктөр боюнча комитетинин ага офицери  Ерасыл Сайпаш брифингде.

Комментарий жиберүү