Москвада полиция КР дипломатынын үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. ТИМ нота жөнөттү

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россиянын элчилигинин кеңешчи-консулу Андрей Бурьевой менен жолугушуу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине өзүнүн тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс болуп, кылдаттык териштирүүнү жана күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартуу талап кылынды”, – деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде, Россия элчилигинин консулу Андрей Бурьевой бул факты боюнча өкүнүчүн билдирүү менен Россиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарабынын ңотасын алгандыгын тастыктап, анын негизинде учурда тиешелүү текшерүү жүрүп, жыйынтыгы боюнча кыргыз тарабы маалымданарын билдирди.

Эске салсак, 8-апрелде Москвада полиция кызматкерлери Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үйүнө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөнү соцтармактарда маалымдалган. Дипломат диппаспортторун көрсөткөндөн кийин да полиция кызматкерлери миграциялык каттоо боюнча документтерди талап кылышкан. Ошондой эле алар эшикти талкалап, жубайынын денесине залал келтирип, балдарын коркуткан.

Комментарий жиберүү