БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы гуманитардык кызматкерлердин өлүмү боюнча толук иликтөөнү талап кылды

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Газадагы World Central Kitchen (WCK) гуманитардык уюмунун 7 кызматкеринин өлүмүнө алып келген Израилдин “үрөй учурган” чабуулуна “олуттуу тынчсызданууларын” билдиришип, бул окуя боюнча “толук, ачык-айкын жана ар тараптуу иликтөө” зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Израиль бийликтери курчоого алынган жана бомбаланган аймактарга жардам жеткирүүнү жакшыртуу үчүн дагы көп аракет кылышы керектигин белгилешти.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Газадагы кагылышуулардын адам курмандыктарына, катастрофалык гуманитардык кырдаалга жана ачарчылык коркунучуна терең тынчсызданууларын дагы бир жолу кайталашып, анклавга гуманитардык жардамды жөнөтүүдөгү бардык тоскоолдуктарды тез арада жоюну талап кылышты.

Алар Израилдин Газага жардам жөнөтүү үчүн Эрез көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу жана Ашдод портун пайдаланууга уруксаты тууралуу билдирүүсүн эске алышты, бирок Газадагы муктаждыктын масштабына байланыштуу анклавга керектүү жардамдын берилиши үчүн дагы чара көрүлүшү керектигин баса белгилешти.

Израиль өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байдендин эскертүүсүнөн кийин Газанын түндүгүндөгү Бейт-Ханун көзөмөл өткөрүү пунктун убактылуу ачарын жарыялаган.

Гуманитардык кызматкерлердин өлүмү

2-апрель күнү Газада World Central Kitchen (WCK) эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун жети кызматкери Израилдин соккусунан каза болгон. Маалыматты уюм расмий тастыктаган.

Гуманитардык кызматкерлердин автоунаасына кол салуу сектордун борбордук бөлүгүндөгү Дейр-эл-Балаха шаарында болгон.

Окуядан каза болгон уюмдун кызматкерлеринин арасында палестиналык, Австралиянын, Улуу Британиянын, Польшанын жарандары жана Канада менен АКШнын кош жарандыгы бар ыктыярчы болгон.

World Central Kitchen уюмунун аткаруучу директору Эрин Гор бул кол салуу WCK уюмуна гана жасалган чабуул эмес, бул тамак-аш согуштун куралы катары колдонулуп жаткан эң оор кырдаалда иштеген гуманитардык уюмдарга чабуул экенин айткан.

Чабуул жасалган унаада гуманитардык уюмдун логотиби болгон.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн гуманитардык кербенине жасаган аба соккусу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып, кол салуу атайылап жасабаганын билдирген.

Бул окуядан кийин World Central Kitchen аймактагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялаган.

Комментарий жиберүү