Ирандын ТИМ башчысы: Агрессорду жазалоо – зарылчылык

Иран Батыш Азиядагы жаңжалды кеңейтүүнү көздөбөйт, бирок Израилди тизгиндөөнү аймактагы коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн зарыл шарт деп эсептейт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан билдирди.

“Eurasia Today” маалымдагандай, Абдоллахиан Австралия, Улуу Британия жана Германиянын ТИМ башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, анда аларды Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна кол салуусун айыптоодо так позицияны жарыялоого чакырганын Х соцтармактагы баракчасына жазды.

Министр Израиль эл аралык мыйзамдарды жана Вена конвенцияларын бузуп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин бузганын айтып, бул агрессорду жазалоону камтыган мыйзамдуу жоопту талап кылат деди.

“Иран согуштун масштабын кеңейтүүнү көздөбөйт, бирок Батыш Азиянын сезимтал чөлкөмүнө туруктуу коопсуздукту кайтаруу сионисттик түзүлүштүн (Израиль) агрессивдүү лидерлерин тизгиндемейинче жана алардын Газадагы жана Батыш жээктеги аскердик кылмыштарын токтотмоюнча мүмкүн эмес”, – деп баса белгиледи Абдоллахиан.

Эске салсак, 2-март күнү кечинде Израилдин аба күчтөрү Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына ракетадан сокку урган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланып, сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза Захеди жана бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи набыт болгон.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран Дамасктагы Ирандын консулдугуна кол салган Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөрүн билдирсе, президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деген.

Комментарий жиберүү