Кытай Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушун колдойт

Кытай Палестинанын БУУга толук мүчөлүгүн колдойт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин маалымат жыйында Палестинанын БУУга мүчөлүгү боюнча Кытайдын позициясын билдирип жатып айтты.

Синьхуа маалымат агенттиги маалымдагандай, Палестина администрациясы жакында БУУнун Коопсуздук Кеңешине бул эл аралык уюмга толук кандуу мүчө болуу арызын кайра карап чыгууну расмий түрдө суранган. Мындай өтүнүч биринчи жолу 2011-жылы жасалган.

Коопсуздук кеңеши 8-апрелде жыйын өткөрүп, бул өтүнүчтү жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча комитеттин талкуусуна тапшырды.

Мао Ниндин айтымында, Израиль-Палестина жаңжалын токтотуунун жалгыз жолу эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү менен «эки эл үчүн эки мамлекет» принцибин толук ишке ашыруу болуп саналат. Бул палестиналыктардын көп жылдар бою жапа чеккен тарыхый адилетсиздиктин ордун толтурат.

Буга чейин Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дай Бин Башкы ассамблеянын жыйынында Кытай Палестинанын БУУга кабыл алынышын колдорун жана Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү кадамын жактай турганын билдирген .

Палестина азыр уюмда байкоочу статусуна ээ.

“Кытай Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушун колдойт. Палестина Коопсуздук Кеңешинен анын арызын кайра кароону суранды. Кытай Коопсуздук кеңешинин бул маселе боюнча ыкчам аракетин колдойт”, – деген Дай Бин.

Палестинанын БУУнун Коопсуздук Кеңешине жөнөткөн өтүнүчүн Араб тобу, ИКУ жана кошулбоо кыймылы колдогон. Россия Федерациясынын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский дагы Россия Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынышын колдой турганын билдирген.

Мамлекеттерди БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча Генералдык Ассамблеянын чечими боюнча ишке ашырылат.

Арыз алгач Коопсуздук кеңешинде каралат. Коопсуздук Кеңешинин кабыл алуу боюнча рекомендацияны кабыл алуусу үчүн Кеңештеги 15 мүчөнүн 9нун “макул” деген добушу керек. Ошол эле учурда 5 туруктуу мүчөнүн бири да (Кытай, Россия, Британия, АКШ жана Франция) каршы болбошу керек. Кеңеш кабыл алуу боюнча рекомендация чыгаргандан кийин, ал Башкы Ассамблеянын кароосуна берилет. Жаңы мамлекетти БУУга кабыл алуу үчүн Ассамблеянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин “макул” деген добушу керек.

Ошол эле учурда АКШ Палестина менен Израилдин ортосунда кеңири келишим түзүлмөйүнчө Палестинанын БУУга толук мүчө болушуна каршылыгын уланта берерин билдирди.

Комментарий жиберүү