Россияга түндө чабуул жасаган 53 дрон атып түшүрүлдү

Россияга түндө чабуул жасаган 53 дрон атып түшүрүлдү

Россиянын абадан коргонуу күчтөрү жумага караган түнү жана бүгүн эртең менен өлкөнүн беш аймагына чабуул жасаган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 53 учкучсуз аппаратын атып түшүрдү, анын 44ү Ростов облусунда жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, абадан коргонуу күчтөрү Ростов облусунан 44, Саратовдон 1, Курсктан 1 жана Белгород облусунан 1 ошондой эле Краснодар аймагынан 6 учкучсуз аппаратты жок кылган. Буга чейин Ростов облусунун губернатору Василий Голубев абадан коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, алдын…

Прочитайте больше

«Достук ифтары»: Ирандын Кыргызстандагы элчилиги ооз ачыруу уюштурду — Сүрөт

«Достук ифтары»: Ирандын Кыргызстандагы элчилиги ооз ачыруу уюштурду — Сүрөт

Ирандын Бишкектеги дипломатиялык өкүлчүлүгү мусулмандар тарабынан Рамазан айынын акыркы жумасында белгиленүүчү Эл аралык “Аль-Кудс” күнүнүн алдында ооз ачыруу уюштурду. “Достук ифтары” дасторконуна Борбор Азия мамлекеттеринин, Азербайжан, Түркия, Катар жана Афганистандын элчилери (Талибан өкмөтүнүн өкүлү), Православ чиркөөсүнүн өкүлү жана КР муфтийинин орун басары, Кадыр Маликов, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу коомдук ишмерлер чогулушту. Конокторду Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хусейн Ядегари өзү тосуп алды. Чогулгандар жамаат намазын окуп, андан соң тамактанууга киришти. -+ Иран дипломаты коноктор менен саламдашып,…

Прочитайте больше

«Аль-Кудс» күнү: Иранда миңдеген адамдар палестиндерге тилектештик билдирди. Сүрөт

«Аль-Кудс» күнү: Иранда миңдеген адамдар палестиндерге тилектештик билдирди. Сүрөт

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары эзилген Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт. Быйылкы акция жылдагыдай эле Иран боюнча масштабдуу өткөрүлүүдө. Жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинаны желектерин, ошондой эле жакында эле Израилдин Сириядагы Иран консулдугунда жасаган…

Прочитайте больше

Москвада чогулган КМШнын штаб башчылары эмне маселелерди талкуулашты?

Москвада чогулган КМШнын штаб башчылары эмне маселелерди талкуулашты?

Күн мурун Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин штаб башчыларынын комитетинин кезектеги отуруму өтүп, ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов катышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, штаб башчыларынын комитетинин отурумунун алдында Кремлдин дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбарлар коюлган. “Жыйындын жүрүшүндө штаб башчылары дрондорго каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын жана атайын аскердик операциянын жүрүшүндө минадан тазалоо тажрыйбасын талкуулаып, бириккен абадан коргонуу системасын өркүндөтүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду”, – деп айтылат маалыматта. Ошондой…

Прочитайте больше

Орусияда ОМОН тажик мигранттарынын жатаканасында тинтүү жүргүздү

Орусияда ОМОН тажик мигранттарынын жатаканасында тинтүү жүргүздү

3-апрелде Орусияда ОМОН кызматкерлери тажик мигранттары жашаган жатаканага кирип барып, эшик-терезелерин талкалап, документтерин текшерүү үчүн 60тан ашуун адамды алып кетишкен. Мигранттардын айтымында, бир нече адам айып пул төлөгөндөн кийин бошотулса, көпчүлүгү үчүн депортациялоо чечими кабыл алынган. Айып салынган мигранттар азыр коркуп жашап жатканын билдиришти. “Мен кайда барарымды, эмне кылышымды билбейм. Жадакалса дүкөнгө чыккандан да корком. Эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Эки-үч адамдын айынан баардык тажиктер кыйналып жатат. Азыр документтериң жайында болсо деле кууп чыгышат. Агамды…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрү Азербайжан менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүшөт

Борбор Азия өлкөлөрү Азербайжан менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүшөт

Июль айында Казакстандын аймагында Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрү биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта аталган өлкөлөрдүн коргоо министрлери 4-апрелде Казакстандын Актау шаарында жолугуп, “Бирлестик-2024” аттуу аскердик машыгууларды уюштуруу маселесин талкуулап, биргелешкен планга кол коюшканы белгиленген. Быйыл июль айында Казакстандагы “Оймаша” полигонунда жана Каспий деңизиндеги Токмак булуңунда өтө турган машыгууларда “Куралдуу жаңжалдардын аймагын аныктоо багытындагы тапшырмаларды аткаруу” боюнча аракеттер көрүлөт. Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө министрлер…

Прочитайте больше

“Крокус Ситидеги” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалды

“Крокус Ситидеги” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Мекеменин 4-апрелдеги маалыматына караганда, алар Москва, Екатеринбург жана Омск шаарларынан кармалды. Үчөө тең Борбор Азиядан баргандар, бирөөнүн орус жарандыгы бар экени кабарланды. Алардын экөө кол салгандардын курал-жарак жана машина сатып алуусу үчүн акча которгон, үчүнчүсү жардам бергендерди азгырып, кылмыштын аткаруучуларын каржылаган деп шектелүүдө. 22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген…

Прочитайте больше

Москвада Айт намазы үйдө окулат

Москвада Айт намазы үйдө окулат

Москванын бийлиги мусулмандарды Айт намазын үйдө окууга чакырат. Бул тууралуу “Осторожно, новости” Telegram-каналы шаардын улуттук саясат жана дин аралык байланыштар департаментинин документине шилтеме кылып кабарлады. Маалыматка караганда, тиешелүү кат 10-апрелде белгилене турган Орозо айт майрамында чектөөлөр болору жөнүндө мусулмандарга маалымат берүү өтүнүчү менен шаардын административдик округдарынын префекттерине жөнөтүлгөн. Катта Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жарандарга өзүнчө көңүл бурулушу керектиги белгиленген. “Осторожно, новости” каналы мындай мазмундагы каттын жөнөтүлүшү “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазды….

Прочитайте больше

Эрдоган Тажикстандын жарандарына Түркияга визасыз кирүүгө тыюу салды

Эрдоган Тажикстандын жарандарына Түркияга визасыз кирүүгө тыюу салды

Түрк лидеринин мындай чечиминин себеби айтылган эмес.  Түркия Тажикстандын жарандары үчүн визалык режимди жокко чыгарды. Бул тууралуу түрк лидери Реджеп Тайип Эрдогандын указында айтылган. Документ өкмөттүк расмий Resmi gazete жарчысына жарыяланган жана расмий басылмага жарыялангандан кийин күчүнө кирери белгиленген. «Демейки чет элдик паспорту бар Тажикстандын жарандары Түркияга барганда визасыз режимди жокко чыгаруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат указда. Тажик жарандарына карата мындай чара чет элдиктер жана эл аралык коргонуу тууралуу мыйзамдын негизинде кабыл алынгандыгы белгиленген. Мындан…

Прочитайте больше