Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушун алдын алууга чакырышууда

Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушун алдын алууга чакырышууда

Борбор Азиядагы мамлекеттер Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчуп кетишин алдын алууга чакырган билдирүүлөрүн жарыялашууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирип, тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта (Батыш Азия) кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды. “Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат”,-деп айтылат ТИМдин маалыматында….

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын Израилге жообу дүйнөнү поляризациялоо процессиндеги жаңы бурулуш болот

Эксперт: Ирандын Израилге жообу дүйнөнү поляризациялоо процессиндеги жаңы бурулуш болот

Ирандын Израилге ракеталык жана пилотсуз учактар менен жообу дүйнөнү көп поляризациялоо процессиндеги жаңы бурулуш жана эл аралык мамилелерди кайра конфигурациялоодо көптөгөн өлкөлөрдүн позицияларын так аныктоого болот. Бул тууралуу россиялык эксперт Александр Князев “Eurasia Today” агенттигине билдирди. Иран 14-апрелге караган түнү Дамасктагы Иран консулдугуна кол салууга жооп иретинде Израилге жүздөгөн учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку урду. “Бул жерде Россиянын реакциясына көңүл буруу кызык. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынына чейин эле Израилдин Москвадагы элчиси орус тарап Ирандын…

Прочитайте больше

Саясат таануучу Карине Геворкян: Эмне үчүн Иран Израилге кол салууда өз максаттарына жетти?

Саясат таануучу Карине Геворкян: Эмне үчүн Иран Израилге кол салууда өз максаттарына жетти?

Иран Израилдин буталарына сокку уруу менен бардык максаттарына жетти. Бул тууралуу саясат таануучу Карине Геворкян Беларустун Белта порталына берген маегинде билдирди. Ал белгилегендей, Иран тарап Батыштын пропагандасына карама каршы келип, мыйзамдуулуктун принциптерин карманат. Ирандыктар эл аралык аспектиден алганда, кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер үчүн айыпталып калууну каалашпайт. Дамасктагы консулдугуна кол салуудан кийин Иран расмий түрдө БУУга кайрылып, Израилди Вена конвенциясын бузганы үчүн айыптоону талап кылган. Тегеран белгилегендей, эгер БУУ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тийиштүү…

Прочитайте больше

Россиянын Казакстан менен чектешкен эки облусунда суу ташкын коркунучу күтүлүүдө

Россиянын Казакстан менен чектешкен эки облусунда суу ташкын коркунучу күтүлүүдө

Ушул жуманын ортосунда Россиянын эки – Курган жана Тюмень облусттарында суу ташкын болору күтүлүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган аймактар Казакстан менен чектешет.  Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков суу ташкын Россиянын Курган жана Тюмень облусттарында күтүлүп жаткандыгын маалымдады. “Бул жерде биздин адистердин, эң оболу ӨКМдин адистеринин тыянагын күтүү керек. Алар берген маалымат боюнча, бул жуманын ортосу – бул эки аймакка же Тюмень жана Курган облусттарына суу келе турган учур. Биз бул табият кырсыгына каршы чараларды көрүүдөбүз”, – деди ал….

Прочитайте больше

Коопсуздук Кеңешинде Израилдин агрессиясына Ирандын жообу тууралуу өлкөлөр эмне дешти?

Коопсуздук Кеңешинде Израилдин агрессиясына Ирандын жообу тууралуу өлкөлөр эмне дешти?

14-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын Израилге жасаган чабуулуна байланыштуу чукул жыйынга чогулду. Жыйын Израилдин демилгеси менен өткөрүлдү. Анда бир катар өлкөлөр Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтарууга укуктуу болгонун айтса, кээ бири Иранды айыпташты. Иран бул сокку өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасалганын белгиледи. Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен абадан сокку урду. Бул Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды. Тегеран муну Дамасктагы  консулдугуна 1-апрелде…

Прочитайте больше

Ооганстандагы суу ташкындан 33 кишинин өмүрү кыйылып, 600дөн ашык үй талкаланды

Ооганстандагы суу ташкындан 33 кишинин өмүрү кыйылып, 600дөн ашык үй талкаланды

Ооганстанда бир нече күн катары менен тынбай жааган нөшөрдөн улам башталган суу ташкын 33 кишинин өмүрүн алды. Баш калаа Кабулду жана башка аймактарды каптаган селден жүздөгөн үй кыйрады. Бул тууралуу Ооганстандын башында турган “Талибан” кыймылы билдирди. “Тилекке каршы 33 адам набыт болду, 27 киши жараат алды. Айыл-кыштактарда 600дөн көп үй талкаланды”-деди талибдердин өкүлү, мулла Жанан Сайик. Учурда Казакстандын жана Орусиянын бир катар аймактарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, жүз миңдеген үй-жайларды каптап кетти. Миңдеген адамдар коопсуз…

Прочитайте больше