Коопсуздук Кеңешинде Израилдин агрессиясына Ирандын жообу тууралуу өлкөлөр эмне дешти?

14-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын Израилге жасаган чабуулуна байланыштуу чукул жыйынга чогулду. Жыйын Израилдин демилгеси менен өткөрүлдү. Анда бир катар өлкөлөр Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтарууга укуктуу болгонун айтса, кээ бири Иранды айыпташты. Иран бул сокку өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасалганын белгиледи.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен абадан сокку урду. Бул Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды. Тегеран муну Дамасктагы  консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү.

Иран

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Саид Иравани БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ирандын Израилге жасаган чабуулуна байланыштуу өткөн жыйынында Израилге ракета менен учкучсуз учактын чабуулу анын Дамасктагы Иран консулдугуна жасаган соккусуна пропорционалдуу болгонун билдирди.

Ал белгилегендей, Тегеран аскерий буталарга гана чабуул жасап, карапайым калкка зыян келтирбөөгө аракет кылган.

“Иран Ислам Республикасынын операциясы БУУнун Уставынын 51-беренеси боюнча жана эл аралык укук тарабынан таанылган Ирандын өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасалды. Биздин жооп зарыл жана орундуу болду. Сокку атайын аскердик буталарга гана жасалды, ал мүмкүн болгон эскалацияны минималдаштыруу жана жарандарга зыян келтирбөө үчүн кылдаттык менен жасалды”, – деди Иравани.

Ирандык дипломат белгилегендей, АКШ, Франция жана Улуу Британия Израилдин Дамасктагы Иран  консулдугуна кол салуусу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүн кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, ал Израиль режиминин Палестина элине каршы геноцид жана согуш кылмыштарына карата кеңештин жоопкерсиздиги жана аракетсиздиги бул режимди мыйзам бузууларын улантууга алып келгенин кошумчалады.

“АКШ жана анын союздаштары Газадагы кыргын үчүн Израил режимин жоопкерчиликтен коргоп, алты айдан ашык убакыттан бери Коопсуздук Кеңешине бөгөт коюшту. Алар бул кылмыштары үчүн Израил режимин айыптоодон гана качпастан, аларды жаап-жашырууга активдүү аракет кылышат. Алардын бирден-бир артыкчылыгы – натыйжаларына карабастан жана кандай баа болбосун Израил режимин колдоо жана коргоо. Эл аралык басымга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бардык резолюцияларына карабастан, ок атышууну токтотуу талабы менен Израил режими бул резолюцияларды четке какты. Тескерисинче, бул режим катаал кылмыштарды жасоого басым жасап, эл аралык укуктук милдеттенмелерге көңүл бурбай жатат”, – деди Иравани.

Ал Коопсуздук Кеңеши Израилдин режиминин ашынган баш ийбестигине жооп иретинде уставдын 7-бөлүмүнө ылайык өз милдеттерин тез арада аткарышы керек деди.

Россия

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Ирандын Израилге жооп кайтаруу соккусу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул чакырылган жыйынын “эки жүздүүлүк жана кош стандартуулуктун парады” деп атады.

Ал БУУнун баш катчысы Ирандын чабуулун дароо айыптап, бирок Израилдин Ирандын консулдугуна жасаган чабуулуна эч кандай реакция кылбаганын айтып, мындай мамиле туура эмес экенин билдирди.

Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында Израилдин аракети ачык түрдө айыпталышы керектигин эскертишкенин, бирок Батыш Россиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Израилдин Сирияга жасаган соккусун айыптаган билдирүүсүн кабыл алууга уруксат бербегенин айтты.

Ал Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Франция, Англия жана АКШ Израилдин 21-апрелде Иран консулдугуна жасаган чабуулун айыптаган билдирүүнү колдоодон баш тартышканын, эми алар Иранды айыптап жатышканын, бул алардын «эки жүздүүлүгүн» ​​көрсөтөрүн белгиледи.

“Дипломатиялык өкүлчүлүккө кол салуусу эл аралык укук боюнча casus belli (согуш ачууга шылтоо) болуп саналарын жакшы билесиңер. Эгерде батыштын миссияларына чабуул жасалган болсо, силер эч ойлонбостон, өч алуу чараларын көрүп, өзүңөрдүн туура экениңерди ушул залда далилдемексиңер. Анткени силер үчүн Батыш өкүлчүлүктөрү жана Батыштын жарандарына тиешелүү нерселердин баары ыйык, баары корголуш керек болуп калат”, – деп белгиледи россиялык дипломат.

Кытай

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дай Бин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш Азиядагы жаңжалдын бардык тараптарын максималдуу сабырдуулукка чакырды.

Дай Бин 2-апрелде Ирандын Сириядагы өкүлчүлүгү бутага алынып, бул Иранга көптөгөн жоготууларга алып келгенин жана бул аракет БУУнун Уставын бузуу менен бирге Сириянын эгемендигине шек келтиргенин белгиледи.

Ал учурдагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип мындай деди: “Ирандын иш-аракеттерине терең тынчсызданып жатабыз, бирок Иран бул иш-аракет жооп иретинде болгонун жана ал аяктаганын баса белгиледи. Биз тараптардан сабырдуулукка чакырабыз жана чөлкөмдө мындан ары чыңалууну болтурбоо керек”.

Мындан тышкара, ал Газадагы кризис басылбаса, бул дагы чыңалууга алып келерин айтып, Коопсуздук Кеңешинин Газада токтоосуз ок атышууну токтотуу боюнча жакында кабыл алган резолюциясынын тез арада аткарылышын талап кылды.

Франция

Франциянын БУУдагы өкүлүнүн орун басары жыйында Ирандын кол салуусун айыптап, Коопсуздук Кеңешинен аймакта тынчтыкты орнотууга аракет кылууга чакырды.

“Биз Израилдин жана аймактагы өнөктөштөрүбүздүн коопсуздугун сактоону каалайбыз”, – деди француз дипломаты.

Улуу Британия

Британиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Барбара Вудворд Иран чөлкөмдө дестабилдештирүүчү ролду ойной турганы айтып, ишембиде жасалган чабуул Ирандын Израилге жасаган биринчи түз чабуулу болгонун, Ирандын ниети – аймакта башаламандык түзүү экенин билдирди.

“Биз Ирандын миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган Израилге чабуулун айыптайбыз”, – деди Вудворд.

АКШ жана Франция менен бирге Израилдин Сириянын Дамаск шаарындагы Тегерандын консулдугуна кол салганда Тель-Авивди айыптаган билдирүүнүн чыгышына тоскоол болгон Британиянын өкүлү: “Лондон Израилдин коопсуздугун коргойт. Биз тараптарды сабырдуулукка чакырабыз”, – деди британиялык дипломат.

Сирия

Сириянын элчиси жана БУУдагы өкүлү Каси ад-Даххак да Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында Ирандын аракети мыйзамдуу өзүн-өзү коргоо болгонун билдирди.

Сириянын БУУдагы өкүлү АКШнын Сириядагы мыйзамсыз болушун жана өлкөнүн террордук уюмдарга колдоосун токтотууну талап кылды.

“Региондо болуп жаткан азыркы окуялар Сириядагы жана башка өлкөлөрдөгү АКШнын колдоосуна ээ болгон израилдик оккупациялык бийликтер тарабынан кайталанган агрессивдүү аракеттердин жана эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттардын Уюмунун Уставын ачык-айкын бузуулардын натыйжасы болуп саналат”, – деди сириялык дипломат.

БУУ

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды максималдуу сабырдуулукка жана деэскалацияга чакырды.

“Жардын кырынан артка чегинүүгө убакыт келди. Жакынкы Чыгыштагы бир катар фронттордо олуттуу согуштук конфронтацияга алып келе турган ар кандай аракеттерден качуу маанилүү. Жарандар ансыз да оорчулукту тартып, эң кымбат бааны төлөп жатышат. Биз мындан аркы эскалациянын алдын алуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен жигердүү кызматташууга жалпы жооптуубуз», – деди Антонио Гутерриш.

Эске салсак, 2-март күнү кечинде Израилдин аба күчтөрү Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына ракетадан сокку урган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланып, сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза Захеди жана бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи набыт болгон.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран Дамасктагы Ирандын консулдугуна кол салган Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөрүн билдирсе, президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деген.

Комментарий жиберүү