Россиянын Казакстан менен чектешкен эки облусунда суу ташкын коркунучу күтүлүүдө

Ушул жуманын ортосунда Россиянын эки – Курган жана Тюмень облусттарында суу ташкын болору күтүлүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган аймактар Казакстан менен чектешет. 

Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков суу ташкын Россиянын Курган жана Тюмень облусттарында күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

“Бул жерде биздин адистердин, эң оболу ӨКМдин адистеринин тыянагын күтүү керек. Алар берген маалымат боюнча, бул жуманын ортосу – бул эки аймакка же Тюмень жана Курган облусттарына суу келе турган учур. Биз бул табият кырсыгына каршы чараларды көрүүдөбүз”, – деди ал.

Ал эми Тюмень облусунун губернатору  Александр Моор  “Россия 24” телеканалынын эфиринде Ишим (Казакстандын аймагында – Есиль) дарыясындагы суунун деңгээли тарыхый максимумга жетиши мүмкүн.

“Кырдаал оор, Ишим дарыясынан суу өтө көп келүүдө. Биз 5-апрелде алган суунун деңгээли жарым метрге көтөрүлөт деген божомолго кошумча бир метрге чейин көтөрүлөрү тууралуу жаңы маалымат алдык. Бул Ишим дарыясында эч качан байкалбаган тарыхый максимум “, — деди Моор.

Белгилей кетүүчү жагдай, Курган жана Тюмень облусттары Казакстан менен чектешет.

Комментарий жиберүү