Саясат таануучу Карине Геворкян: Эмне үчүн Иран Израилге кол салууда өз максаттарына жетти?

Иран Израилдин буталарына сокку уруу менен бардык максаттарына жетти. Бул тууралуу саясат таануучу Карине Геворкян Беларустун Белта порталына берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, Иран тарап Батыштын пропагандасына карама каршы келип, мыйзамдуулуктун принциптерин карманат. Ирандыктар эл аралык аспектиден алганда, кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер үчүн айыпталып калууну каалашпайт.

Дамасктагы консулдугуна кол салуудан кийин Иран расмий түрдө БУУга кайрылып, Израилди Вена конвенциясын бузганы үчүн айыптоону талап кылган.

Тегеран белгилегендей, эгер БУУ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тийиштүү резолюция кабыл албаса жана Израилди жазалабаса, анда Иран БУУнун “Өзүн-өзү коргоо жөнүндө” 51-беренесине ылайык, өзүн-өзү коргоонун масштабын жана ыкмаларын тандоо укугун өзүнө калтырат, деп баса белгиледи Геворкян.

Серепчи белгилегендей, «батыштагы «отко май куйгандар» тынчып калышты. Алар чындап эле Ислам Республикасын тез арада жооп кайтарууга провокация кылууну каалашкан, бирок бул ишке ашкан жок. Убакыт өтө бергендиктен, британиялыктардын чыдамы кетти».

Андыктан белгилүү “The Telegraph” басылмасы Кон Кофлиндин “Ирандын кагаз жолборсу акыры ачыкка чыкты” деген макаласын жарыялады. Анда Иран коркуп калганы, агрессияга жооп бере албай калганы айтылат.

Батышта жазылган бул макалада айтылгандардын баары жалган. Иран Израилди жер бетинен жок кылам деп эч качан айткан эмес. Ал ар дайым аймак үчүн уулуу болгон сионисттик режимдин алмаштырылышы үчүн бардыгын жасоо керектигин билдирген.

Геворкян белгилегендей, Иран Израиль мамлекетин “жер жүзүнөк жок кылууну” көздөгөн эмес.

“Иран операцияга даярданып жатканда, ирандыктар интернет булактарда, алдыдагы мүмкүн боло турган чабуулда жарандык инфраструктураларды же карапайым калкты эмес, жалаң гана аскердик объектилери бутага алынаарын жаза башташкан”, – дейт серепчи.

Буларга кошумчалап ал: “ирандыктар “жашоо турмушка зарыл болгон турак-жайлар эмне үчүн жок кылыныш керек?”,-деген ирониялык суроолорду берип жатышканын” белгилейт.

Ал эми израилдиктердин аскердик кубатына токтоло турган болсок, Израилдин Батыш союздаштары, алардын ичинен биринчи кезекте АКШ, Израилди колдоого алып, “Темир Купол” сыяктуу абадан коргонуу ракеталарды баш кылып, түрдүү курал-жатактар менен камсыздап келет.

Тышкы жардамсыз Израиль экономикалык да, аскердик жактан да өз алдынча эч нерсе кыла албайт, деп кошумчалады саясат таануучу.

Ирандын учкучсуз учактары менен ракеталарынын Израилге чабуулу – эмнелер белгилүү?

Иран учкучсуз учактар жана ракеталар менен Израилдин аскердик объектилерин гана бутага алды. Ирандын аскер күчтөрү шаарларга чабуул жасаган жок. Соккулар негизинен Израилдин аба базасы жайгашкан Негев чөлүндө жасалды. Ирандын Дамасктагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө ушул жактан аскердик учактар көтөрүлүп, ракеталык сокку урулган болчу, дейт саясат таануучу.

Тель-Авив Ирандын дээрлик бардык ракеталары менен учкучсуз учактары атып түшүрүлгөнүн айтканы менен, ирандык расмий өкүлдөр Израилдин аскерий объектилери талкаланып, олуттуу зыянга учураганын билдирди.

«Кызыгы, Түркия Иранга Америка же Британиянын аскерий базаларынан тикелей кол салынса, аба мейкиндигин алардын учуусу үчүн жаап саларын  билдирди. Бул Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиандын ортосундагы маңыздуу сүйлөшүүдөн кийин болду», – деди ал маегинде.

Чыгыштагы бардык араб өлкөлөрүнүн ичинен Иорданиянын аймагы гана колдонулган. Бирок ал жерде Американын согуштук базасы бар. Калган араб өлкөлөрү бейтарап бойдон калышты.

Иран армиясынын Израилге кол салуудагы негизги максаты эмне болгон?

Учкучсуз учактар менен Израилге зыян келтирүү башкы максат болгон эмес. Эң негизгиси, алар душмандын абадан коргонуу жана радиолокациялык станциялары кайда жайгашканын ачыкка чыгарышты. Геворкян белгилегендей, алар “аскердик күчүн сынап көрүштү”.

Дагы бир маанилүү жагдай. Израилдин башкарылбаган ракеталык чабуулдарына бөгөт коюу үчүн конфигурацияланган «Темир Купол» деп аталган абадан коргонуу системалары болжол менен 1 миллиард 100 миллион долларлык абадан коргонуучу ракеталарды учурган. Ошондой эле батыш күчтөрүнүн да куралдары тартылган. Ал эми Ирандын чабуулуна серепчилердин баамында, 62 миллион долларга чейин, тактап айтканда, 20 эсе аз каражат корогон.

Геворкян Израиль ок-дарыларынын кыйла бөлүгүн коргонуу учурунда коротуп алганын белгилейт. Бул АКШ Тель-Авивге берген америкалык ок-дарыларды Украина албайт дегенди билдирет деп түшүндүрөт.

Эгер Америка Киевге колдонулган ракеталарды алмаштыруу үчүн колунан келгендин баарын берсе, анда ал өзүнүн арсеналын олуттуу түрдө алсыратат. Анда Байдендин каршылаштары өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн алсызданып кеткени тууралуу кеп козгоп, дароо тополоң көтөрүшөт. Ошондуктан, АКШ да, Израиль да бул абалда утулуп калды.

Негизги максат ишке ашты — мындан ары израилдик ракеталар жок, Тель-Авив ок-дарылардын көпчүлүк бөлүгүн коротуп алды. Эң кызыгы, Ислам революциясынын сакчылар корпусу  сокку уруп, Ирандын куралдуу күчтөрү бул операцияга таптакыр катышкан эмес. Тактап айтканда, Тегеран өз арсеналында гиперүндүү ракеталарды жана башка заманбап куралдарды колдонгон эмес. Башкача айтканда, Иран армиясы ок-дарыларынын көбүн сактап калган.

“Иран Израилге: “эгер силер реалдуулук сезимиңер өзгөрүп, кол салууга аракет кылсаңар, анда мындан да катаал жооп аласыңар деп ачык айтты. Бул – Израилдин жетекчилиги билүүгө тийиш болгон негизги нерсе”,-деп сөзүн жыйынтыктады серепчи.

Комментарий жиберүү