Ооганстандагы суу ташкындан 33 кишинин өмүрү кыйылып, 600дөн ашык үй талкаланды

Ооганстанда бир нече күн катары менен тынбай жааган нөшөрдөн улам башталган суу ташкын 33 кишинин өмүрүн алды.

Баш калаа Кабулду жана башка аймактарды каптаган селден жүздөгөн үй кыйрады.

Бул тууралуу Ооганстандын башында турган “Талибан” кыймылы билдирди.

“Тилекке каршы 33 адам набыт болду, 27 киши жараат алды. Айыл-кыштактарда 600дөн көп үй талкаланды”-деди талибдердин өкүлү, мулла Жанан Сайик.

Учурда Казакстандын жана Орусиянын бир катар аймактарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, жүз миңдеген үй-жайларды каптап кетти.

Миңдеген адамдар коопсуз жактарга көчүрүлдү. Жабыркагандардын арасында теги кыргызстандыктар да бар. Казакстанда суу ташкындан улам он облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши эвакуацияланды.

Комментарий жиберүү