Бишкектеги Азия чемпионаты: эркин күрөш боюнча Иран 1-орунду, Кыргызстан 3-орунду алды

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Ирандын эркин күрөш боюнча курама командасы жалпы эсепте 1-орунду, Япония 2-орунду жана Кыргызстан 3-орунду ээледи.

«Eurasia Today» маалымдагандай, жалпы командалык эсепте Иран 190 упай, Япония 130 упай жана Кыргызстан 121 упай алды.

Кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 колого ээ болгон.

Мелдештин биринчи күнүндө, 11-апрель күнү, 65 кг чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов 3-орунду ээлеп, коло медалга татышкан.

Жыйынтыктоочу, 12-апрель күнү, Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг чейинки салмакта алтын утса, 125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев күмүш медалга ээ болду.

Ал эми Ирандын намысын он спортчу коргогон. Алар: Ибрагим Ховари (57 кг), Реза Атари (61 кг), Рахман Амузад (65 кг), Амир Мохаммад Яздани (70 кг), Хосейн Абу Зари (74) кг, Мохаммад Нахуди (79 кг), Хади Вафайпур (86 кг), Амирхоссейн Фирозпур (92 кг), Мохаммад Хоссейн Мохаммадиан (97 кг), Амир Хосейн Заре (125 кг).

Ирандык балбандар 5 алтын, 3 колого ээ болгон.

Алтын медалды Амир Мохаммад Яздани, Мохаммад Нахуди, Рахман Амузад, Амирхоссейн Фирозпур жана Амир Хосейн Заре алышты.

Япондук балбандар 4 медаль (2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло) багындырышты.

Эске салсак, Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Анда 20га жакын мамлекеттин курама командалары күч сынашып жатат. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан.

11-12-апрель күндөрү эркин күрөш , 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

Комментарий жиберүү