Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушун алдын алууга чакырышууда

Борбор Азиядагы мамлекеттер Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчуп кетишин алдын алууга чакырган билдирүүлөрүн жарыялашууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирип, тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта (Батыш Азия) кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды.

“Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат”,-деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Өзбекстан да Жакынкы Чыгыштагы (Батыш Азиядагы) жаңжалдын тараптарын сабырдуулукка жана саясий жөнгө салууга чакырды.

“Өзбекстан “эскалациянын жаңы раундуна терең тынчсызданып жатканын билдирип, региондогу чыңалуунун мындан ары күчөшү оор кесепеттерге жана кеңири аскердик тирешүүгө алып келиши мүмкүн”, – деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Өзбек тарап бардык тараптарды сабырдуулукка, мындан аркы аскердик аракеттерден алыс болууга, ошондой эле жаңжалды тез арада саясий жактан жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды.

Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун кескин курчушуна терең тынчсыздануусун билдирип, тараптарды сабырдуулукка жана бардык пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү үчүн токтоосуз чараларды көрүүгө чакырды.

Казакстан дагы бир жолу аймактагы кырдаалды турукташтырууга жана коопсуздукту камсыздоого багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракетин бекем колдой турганын белгиледи.

Бул окуя боюнча азырынча Тажикстан менен Түркмөнстан расмий билдирүү тарата элек.

Иран 14-апрелге караган түнү Дамасктагы Иран консулдугуна кол салууга жооп иретинде Израилге жүздөгөн учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку урду. Израиль ракеталардын жана учкучсуз учактардын көбүн атып түшүргөнүн билдирди. Ошол эле учурда Тегеран Тель-Авив жооп кайтарууну чечсе, жаңы сокку ураарын эскертти.

Комментарий жиберүү