Amnesty International: Байден Израилге курал-жарак берүүнү токтотушу керек

Amnesty International: Байден Израилге курал-жарак берүүнү токтотушу керек

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму жаңы баяндамасында Израиль Газага каршы чабуулдарында АКШда жасалган курал-жарактарды колдонуп жатканын билдирди. Уюмдун баяндамасында Израиль эл аралык мыйзамдарды бузуу менен палестиналык жарандарга каршы АКШ берген курал-жарактарды колдонуп жаткандыгы, бул АКШнын Батыш Азиядагы эң жакын союздашына болгон колдоону азайтышы керекпи же жокпу деген кызуу талкууну күчөтөрү айтылат. Уюм Израилдин армиясы Газада мыйзамсыз кол салууларды жасоо же карапайым калкты өлтүрүү үчүн АКШда жасалган куралдарды, анын ичинде JDAM авиациялык бомбаларын SDBs бомбаларын…

Прочитайте больше

ЖМК: Түндүк Корея Түштүк Кореяга барчу жолго миналарды койду

ЖМК: Түндүк Корея Түштүк Кореяга барчу жолго миналарды койду

Түндүк Корея Түштүк Корея экөөнү бөлүп турган демилитаризацияланган аймактагы жолго миналарды койду. Бул тууралуу түштүк кореялык “Yonhap” агенттиги түштүк кореялык аскерлер арасындагы булакка таянуу менен билдирди. Аскердик аткаминердин айтымында, мина коюу корея аралык жолдорду жабуу боюнча бир катар чаралардын акыркы кадамы болду. Өткөн жылдын соңунда түштүк кореялык аскерлер алгачкы жолу Түндүк Корея демилитаризациялаган аймактын ичиндеги жолго миналарды коюп жатканын көрүшкөн. Эки өлкө ортосундагы жол 2018-жылы түзүлгөн эки тараптуу аскердик макулдашуунун негизинде Түштүк менен Түндүктү бириктирүү…

Прочитайте больше

Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр Казакстанда өтөт

Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр Казакстанда өтөт

Казак тараптын сунушу боюнча Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери жакынкы мезгилде Алматыда тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жолугушушат.  Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылгандыгын азербайжан президентинин пресс-кызматы маалымдады. Армения ТИМнин пресс-катчысы  Ани Бадалян азербайжан тарап менен Алматыда жолугушуу тууралуу макулдашууну тастыктаган менен ал качан болорунун мөөнөтүн тастыктаган жок. Ал эми Казакстан ТИМнин расмий өкүлү  Айбек Смадияров жолугушууну уюштурууда республиканын бийлиги ортомчулук милдетти аткарбай тургандыгын белгиледи. «Биз азыр Азербайжан жана Армениядагы кесиптештерибиз…

Прочитайте больше

ЖМК: Йемен куралдуу күчтөрүнүн деңиз операциясы Израилдин кылмыштарын токтотууга багытталган

ЖМК: Йемен куралдуу күчтөрүнүн деңиз операциясы Израилдин кылмыштарын токтотууга багытталган

Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү дүйшөмбү күнү кечинде бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн деңиз операциясы Израилдин Газадагы кылмыштарын токтотууга багытталганын билдирди. Al-Masira маалымдагандай, ал деңиз операциясынын Йемен кризисинин чечилишине эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Ал Йемендеги тынчтыкка жана Газадагы кылмыштуу өлтүрүүлөрдү токтотууга АКШ тоскоол болуп жатканын белгиледи. Йемендик аткаминер АКШдагы алдыңкы университеттердин студенттеринин Израилге каршы нааразычылык акциялары учурунда камоолорго да токтолду. “Америка эли Байден өкмөтүнүн Израилдин Газа калкына каршы кылмыштарына катышуусуна каршы…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран жүк ташуунун көлөмүн жогорулатууну талкуулады

Кыргызстан менен Иран жүк ташуунун көлөмүн жогорулатууну талкуулады

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолукту. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды. Ошондой эле алар жүк ташуунун көлөмүн жогорулатуу жана бул жаатта жаралган айрым жагдайлар тууралуу сөз кылышты. Өз кезегинде Голам Хоссейн Ядегари Тилек Текебаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет ортосунда транспорт тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык иш-аракеттерди жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Прочитайте больше

Кытай айды изилдеген «Чанъэ-6» ракетин учурууга даярданууда

Кытай айды изилдеген «Чанъэ-6» ракетин учурууга даярданууда

«Чанъэ-6» айды изилдеген ракетасын  май айынын башында ыңгайлуу учурга карап учурулмакчы. Бул тууралуу Кытай улуттук космостук башкармалыгы /CNSA/ билдиргендигин  «Жэньминь жибао» маалымат каражаты Синьхуага шилтеме берип билдирди. CNSAнын маалыматына ылайык, ишембиде айды изилдеген  «Чанъэ-6» жана ракета-алып жүрүүчү «Чанчжэн-5 Y8» /Long March 5 Y8/ Хайнань провинциясындагы  /Түштүк Кытай/ Вэньчан космодромунун старттык аянтына жеткирилди. 27-апрелде кыймылдатуучу старттык платформа жогорудагы комбинациясы менен космодромдун  сыноо цехинен чыгып кетти жана учуруу зонасына ийгиликтүү жеткирилди. Ракетаны учуруу алдында  биргелешкен тест жасалат…

Прочитайте больше