Тажикстан Сириядан 47 аял жана баланы кайтарды

Тажикстан Сириядан 47 аял жана баланы кайтарды

Соңку жылдары Тажикстан Сирия менен Ирак аймактарынан жүздөгөн жарандарын, негизинен аялдарды жана балдарды кайтарды. Сириядан тажикстандык 47 аял жана бала мекенине кайтып келгенин Sputnik Тажикстан «Ховар» агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен бийлик мекенине 13 үй-бүлөнү – 15 аял, 17 кыз жана 15 эркек баланы кайтарды. Бул Сирия менен Ирактын аймактарынан кайтып келгендердин төртүнчү партиясы. Расмий адамдардын билдирүүсү боюнча кайтарылгандар алгач реабилитация жана социалдык интеграциянын зарыл этаптарынан өтөт. Андан…

Прочитайте больше

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында “Зугульба” резиденциясында Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөр болду. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды. Тар курамдагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө эки…

Прочитайте больше

Газадагы массалык көрүстөндөн чыгарылган сөөктөрдүн саны 400гө жетти

Газадагы массалык көрүстөндөн чыгарылган сөөктөрдүн саны 400гө жетти

Палестиналык куткаруучулар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнис шаарындагы “Насер” медициналык комплексинин жанында табылган массалык көрүстөндөрдөн адамдардын сөөктөрүн алып чыгууну улантышууда, алардын саны болжолдуу түрдө 390дон ашты, деп билдирет палестиналык WAFA агенттиги. Буга чейин Хан Юнистеги көмүлгөн жерден 180 адамдын сөөгү алып чыгарылганы кабарланган. «Израиль аскерлери Хан Юнис шаарынан чыгарылгандан кийин “Насер” медициналык комплексинде табылган үч массалык көрүстөндөн кеминде 392 адамдын сөөгү табылды», – деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө. Маалыматта белгиленгендей, маркумдардын денелеринде кыйноонун белгилери бар. Кээ…

Прочитайте больше