Эксперт: АКШ Грузиядагы бийликти кулатууну көздөйт

Эксперт: АКШ Грузиядагы бийликти кулатууну көздөйт

АКШ Грузиянын азыркы өкмөтүн кулатууга жана Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин жактоочуларын бийликке алып келүүгө кызыкдар. Мындай пикирин “Валдай” клубунун эксперти Дмитрий Суслов ТАССтын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, дал АКШ менен Батыштын колу Грузиядагы чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы нааразылык акцияларынын жагдайында жараяндарды уюштуруп, аныктап жатат. «Грузин парламентинде талкууланып жаткан жана азыркы өкмөт тарабынан демилгеленген чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам Грузиядагы америкалык жана батыштык клиентелага, башкача айтканда, батыштан каржыланган, Сорос Фонду жана башка…

Прочитайте больше

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдындагы брифингде билдирди. “(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди. Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө…

Прочитайте больше

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Санкт-Петербургдагы коопсуздук форумуна катышат

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Санкт-Петербургдагы коопсуздук форумуна катышат

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Санкт-Петербургда өтө турган коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөрдүн XII эл аралык жыйынына катышат. Ахмадиян иш-чарага ирандык делегациянын башында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин чакыруусу менен келет. Санкт-Петербургда Ахмадиян ошондой эле Россия, Бразилия, Түштүк Африка, Кытай, Индия жана Ирактагы кесиптештери менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөт. Жыйын 23-25-апрелде өтүп, ага коопсуздук кеңештеринин катчылары, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер, вице-премьер-министрлер, күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Күн…

Прочитайте больше

Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Орусиянын Ириклин суу сактагычындагы суу Жайык (Урал) дарыясына кое берилгенден кийин Казакстандын батышындагы суу ташкынына байланышкан кырдаал оорлоду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 23-апрелде жарыяланган баяндамасында айтылат. Ага ылайык, Атырау, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарында суу ташкындын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Абай, Улытау, Павлодар, Караганда, Акмоло жана Костанай облустарында абал туруктуу, жергиликтүү дарыялардагы суунун деңгээли төмөндөп жатат. Калктуу конуштарды суу каптоо коркунучу жок. Учурда куткаруучулар бул аймактарга таза суу жеткирүү, электр энергиясын…

Прочитайте больше