Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин экинчи жыйыны болду

Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин экинчи жыйыны болду

Кыргызстан жана Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин (ЖМАК) Экинчи жыйынын өткөрүштү. Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, мамлекеттик сапардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди мындан ары бекемдей турганына ишеним билдирди. Азербайжандын Президенти кызматташтыкты өз ара аракеттенүүнүн эки жактуу жана көп тараптуу форматтарында өнүктүрүүгө карата эки өлкөнүн мамилесинде толук бирдейлик байкаларын баса…

Прочитайте больше

Газада палестиндердин массалык түрдө көмүлгөн жайы табылды

Газада палестиндердин массалык түрдө көмүлгөн жайы табылды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Газа тилкесинде израилдик аскерлер тарабынан жасалган 140тан ашуун массалык көрүстөндөр аныкталганын билдирди. Уюмдун баяндамасында Израиль аскерлери талаада өлүм жазасына тартылган палестиналыктарды бул мүрзөлөргө массалык түрдө көмүшкөнү айтылат. Буга чейин палестиналык ЖМКлар Хан Юнистеги “Насер” ооруканасынын аймагында табылган массалык көрүстөндөрдөн чыгарылган сөөктөрдүн саны 310го жеткенин маалымдашкан. Бул маалымат каражаттары палестин бийликтерине шилтеме жасап, бул мүрзөлөрдө дагы жүздөгөн дайынсыз жоголгон адамдардын сөөгү чыгышы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Буга чейин Палестинанын…

Прочитайте больше

Быйыл ажылык сапарга Ирандан 90 миң киши барат

Быйыл ажылык сапарга Ирандан 90 миң киши барат

Ирандын ажылык жана зыярат уюму менен Сауд Арабиянын Ислам иштери боюнча министрлигинин ортосунда жетишилген келишимге ылайык, быйылкы ажылыкка Ирандын 90 миң жараны катышат. Бул тууралуу Ирандын Сауд Аравиядагы элчиси Алиреза Энаяти билдиргенин “Eurasia Today” маалымдайт. Али Реза Энаяти ирандык зыяратчылардын бир нече жылдык тыныгуудан кийин Сауд Арабияга умра сапарлары башталганына токтолуп, бул аракеттер былтыр март айында Пекинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ал Al-Arabiya телеканалына берген маегинде…

Прочитайте больше

Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Израиль дагы бир ката кетирсе, андан эч нерсе калбайт, деди Ирандын президенти Ибрахим Раиси Пакистанда Лахор университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатып. “Эгерде сионисттик режим дагы бир ката кетирип, Ирандын ыйык жерине кол салса, анда ал такыр башка кесепеттерге дуушар болот жана Израилден бир нерсе калабы же жокпу белгисиз”, – деп билдирди Раиси. Белгилей кетсек, Иран президенти азыркы тапта расмий сапар менен Пакистанда жүрөт. Анын сапары үч күнгө созулат. Израиль-Иран чыры Апрель айынын башында Израиль Ирандын Дамасктагы башкы консулдугуна…

Прочитайте больше

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдында брифингде билдирди. “(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди. Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө…

Прочитайте больше