ЮНИСЕФ палестиналык балдардын өлтүрүлүшүн токтотууга чакырды

21-апрелге караган түнү Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жасаган соккусунан 18 адам, анын ичинде 14 бала набыт болгон. Буга байланыштуу БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ билдирүү жасап, Рафахтагы согушту жана бейкүнөө балдардын өлтүрүлүшүн тез арада токтотууга чакырды.

ЮНИСЕФ Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Тулкарм шаарындагы операциясында үч палестиналык баланын шейит болгонун да билдирди.

Израиль Газанын 2,3 миллион калкынын жарымынан көбү башка жерлердеги согуштук аракеттерден баш калкалаган Рафахка дээрлик күн сайын абадан чабуул жасап келет. Сионисттик режим эл аралык коомчулуктун чакырыктарына карабай, Египеттин чек арасындагы шаарга каршы кургактагы чабуулун кеңейтүүгө убада берүүдө.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча Израилдин Газадагы согушу башталгандан бери каза болгон палестиналыктардын саны ишембиде 34 миңден ашты, курман болгондордун көбү аялдар жана балдар. Мындан тышкары, 77 миңден ашууну жаракат алды.

“Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясынын курмандыктарынын саны 34 097ге жетти, дагы 76 980 адам жарадар болду”, — деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Газада акыркы 24 саатта 48 адам каза болуп, 79у жарадар болгон.

Комментарий жиберүү