Бүгүн, 8-июль Ирактын Нажаф жана Кербела шаарларында Ирандын шейит болгон руханий лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты өткөрүлп жатат.
Ирандын жогорку лидери менен коштошуу зыйнаты алгач Нажаф шаарында башталды.
Иран ЖМКлары жарыялаган кадрлардан Нажафтын борбордук аянтына он миңдеген адамдар чогулганын көрүүгө болот.

1 of 7

Алардын арасында Ирактын мамлекеттик жетекчилери, саясатчылар, мусулман жана христиан дин өкүлдөрү бар.
Видеоплеер
00:00
00:43
Нажаф аэропортунун администрациясынын маалыматына ылайык, аза күтүү иш-чараларына байланыштуу аэропорт 9-июль жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00гө чейин каттамдар үчүн жабык болот.
Ирактын INA маалымат агенттиги билдиргендей, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Иран делегациясын жетектеп Иракка келип, Ирактын өкмөтүнө жана элине «татыктуу позициясы» үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле аятолла Али Хаменеинин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу аза күтүү иш-чараларын өткөрүүгө көрсөтүлгөн олуттуу колдоосун жана көмөгүн жогору баалады.
Пезешкиан өз сөзүндө: «Ирак менен Иран элдерин терең тарыхый жана боордоштук байланыштар бириктирип турат», — деп белгиледи.
Маркум Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты 3-6-июлга чейин Тегеранда өттү. Андан соң сөөк 7-июлда Кум шаарына жеткирилген. Ирактан кийин маркумдун сөөгү 9-июлда өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарына жеткирилип, ошол жерде жерге берилет.