Кытай менен Орусияны байланыштырган Казакстан аркылуу айланма темир жол каттамы ишке кирди

Кытайдан Орусияга Казакстан аркылуу айланма темир жол каттамы ишке киргизилди.

Бул тууралуу Sputnik Kazakhstan маалымдады.

Казакстандын темир жолдорунун маалыматына ылайык, үзгүлтүксүз айланма каттам кызматын KTZ Express акционердик коому ишке киргизди.

Улуттук компаниянын маалыматы боюнча, бир толук айланма каттам болжол менен 20 күнгө созулат. Казакстандын аймагында каттамдар толук коштоо менен камсыздалат. Бул контейнердик жабдууларды берүү жана бүткүл маршрут боюнча логистиканы координациялоону камтыйт.

Жүктөлгөн контейнердик поезддер Кытайдан Москва облусуна чейин жеткирилет. Андан соң алар Казакстандын түндүгүнө жөнөтүлүп, ал жерде дан эгиндери жүктөлөт да, кайра Кытайга жөнөтүлөт.

Апрель айынан июнь айына чейин бул кызмат аркылуу 13 контейнердик поезд же 1600 жыйырма футтук эквивалент (TEU) ташылган.