Ирандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”

«Батыш цивилизациясынын аялдар маселесине карата мамилеси эки фактордон турат: пайда жана ырахат алуу”. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү ар түрдүү катмардагы аялдардын тобу менен болгон жолугушуусунда билдиргенин “Fars News” агенттиги жазды.

Анын айтымында, Ислам менен Батыштын аялдын иденттүүлүгү, анын баалуулуктары, укуктары, милдеттери, эркиндиктери жана чектөөлөрүнө карата мамилеси бири-бирине карама-каршы келерин айтты.

Хаменеи Исламдагы аялдар маселеси Исламдын күчтүү жактарынын бири экенин айтып, Ислам аялдарга тиешелүү бардык тармактарда күчтүү логикага жана рационалдуу колдоого ээ деди.

Ал Батыштагы адеп-ахлактык бузулуу боюнча коркунучтуу статистиканы келтирип, Батыш өлкөлөрүндө күн сайын аялдарга болгон урмат-сыйсыздык күчөп, үй-бүлөнү бузуп жаткан нерселердин баары күн сайын көбөйүп жатканын белгиледи. Хаменеи белгилегендей, Батыштын цивилизациялык жана маданий системасы аялдар темасында талкуулардан качат, себеби, Батыштын аялдар жөнүндө логикасы жок.

Аятолла Азирети Фатима Захраны мусулман аялдар үчүн эң жакшы үлгү деп атады.

Ал ошондой эле аялдардын ар кандай жетекчилик, саясий, коомдук жана маданий кызматтарда болушуна Исламда эч кандай чектөө жок экенин айтты.

Аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу маселесине токтолгон Ислам революциясынын лидери Ислам алардын адамдык баалуулуктар жана асылзаттык маселелерде тең укуктуулугун тааный турганын айтып, бул Исламдын күчтүү жана рационалдуу логикасынын бир бөлүгү экенин баса белгиледи.

Ал Исламда эркек менен аялдын үй-бүлөлүк милдеттери эки башка болгону менен, алардын үй-бүлөлүк укуктары бирдей экенин айтты.

Комментарий жиберүү