Президент кыргызстандыктарды руханий өзөгүбүзгө кайтууга үндөдү

Бул тууралуу мамлекет башчы 2023-жылы 31-декабрда Чүй облусунун “Орловка” лыжа базасында жалпы Кыргызстандын элин жаңы – 2024-жылы менен куттуктоосунда айтты.

Президент мекендештерин куттуктоосунда мындай деди:

– Урматтуу мекендештер!

Дал ушул куттуу Чүй жергесинен туруп, маданиятыбызды көтөрүүгө жана билимибизди арттырууга үндөп кетер элем.

Чынында, соңку 30 жылдык тарыхыбызда жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти.

Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары пайда болду.

Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды.

Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, “блогермин” деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар.

Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат.

Мындан улам, руханий өзөгүбүзгө кайтууга мезгил жеткендигин баса белгилеп кетейин.

30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз.

Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу.

Ал үчүн абалкы ата-бабаларыбыздан калган улууга урмат, кичүүгө ызаат кылуу наркын улап, улуулардан ыйбаа кылып, кичүүлөрдүн пикирин сыйлай билүүгө багыт алышыбыз шарт.

“Сөз ооздон чыкканча сенин кулуң, ооздон чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” деп айтылат даанышман элибизде.

Сөз айтууда таразалап сүйлөп, сөздүн жоопкерчилигин сезсек, бизге катарлаш келаткан кийинки муун өкүлдөрүнө мыкты өрнөк көрсөткөн болор элек.

Ынтымагы бар элдин,

Таалай-багы ачылат.

Ынтымагы жок элдин,

Тапканы бекер чачылат.

Ынтымагы бар элдин,

Эли чогуу жыйылат.

Ынтымагы жок элдин,

Эли качып суюлат – деп

Барпы атабыз эл ичинде ынтымактын, биримдиктин маанисин таасын таптап берген экен.

Бул саптар бүгүнкү күндө да актуалдуу.

Белгилей кетүүчү жагдай, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын элин өткөн жылы Баткен шаарынан куттуктаган.

Комментарий жиберүү