Э. Рахмон мигранттардын тагдырына тынчсыздануусун билдирди

Тажикстандын президенти 28-декабрда парламентке жолдогон кайрылуусунда өз өлкөсүнүн чет мамлекеттерде иштеп жаткан мигранттардын абалына байланыштуу тынчсызданган пикирин айтты.

“Мен мигранттардын жашоо шартын жакшы билем. Миңдеген адамдар кетип жатат. Кайра жүздөгөн табыттар келүүдө. Булар балдарына бир сындырым нан таап келгени барышат. Анткени биз, жогорудан ылдыйга чейинки бардык жетекчилер өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды гана ойлойбуз”, – деген Эмомали Рахмон.

Орус бийлигинин маалыматы боюнча, жылына бир миллионго жакын адам Тажикстандан Орусияга эмгек миграциясына сапар алат.

Соңку жылдары Орусияда мигранттарга кысым күчөп жатат.

Орусияда күтүүсүз рейддер, жапырт кармоолор жана депортациялар, орусиялык саясатчылардын, аткаминерлердин мигранттарга каршы билдирүүлөрү көнүмүш көрүнүшкө айланды.

“Озоди” Тажикстан эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери чет өлкөдөгү эмгек ресурстарын коргоонун туура жолун таба албаганын жазды.

Быйыл соңку 6 айда 87 миңге жакын тажикстандык Орусиянын жарандыгын алган, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 13 миңге көп.

Орто эсеп менен күн сайын дээрлик 500 тажикстандык орус жарандыгын алат.

Комментарий жиберүү