Илон Маск 2024-жыл кандай болорун айтты

Дүйнөдөгү эң бай адам, белгилүү ишкер жана бизнесмен Илон Маск Х социалдык тармагынын колдонуучусунун жаңы жылдан эмнени күтсө болору тууралуу суроосуна жооп берди.

Анын пикиринде, 2024-жыл мурдагыдан да оор жана күтүлбөгөн окуялар болушу мүмкүн.

Маск адамдар башка планетага көчүш керек деп эсептейт.
Илон Маск демографиялык көйгөйлөрдөн улам бүтүндөй мамлекеттер жоголуп кетиши мүмкүн деп божомолдойт.
“Менин божомолум: 2024-жыл мурдагыдан да акылсыз болот”, – деп жазды дүйшөмбүдө  Маск X соцтармагында (мурдагы Twitter). Ошентип бизнесмен өзүнө караштуу платформанын колдонуучуларынын биринин жаңы жылда эмнени күтсө боло тургандыгы жөнүндөгү постуна комментарий берди.

Мурда Financial Times 2024-жылы мурда Маск сатып алган  X социалдык тармагы жоюлуп (банкрот) кетерин жазган. Анда SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси жарнама берүүчүлөр менен чыр-чатактан улам жоюлуу процедурасына барып, бирок компаниялардын көзөмөлүн өзүндө сактап калышы мүмкүн экендиги жазылган.

Ал эми Bloomberg агенттиги  Маск 2023-жылы   $95,4 млрд иштеп таап, дүйнөдөгү эң бай 500 адамдардын сап башында экендигин жазган. Мындай байлыкты ал SpaceX жана Tesla компаниялары аркылуу топтогон.

Комментарий жиберүү