Иранда көрүстөндөгү кош жардыруудан 103 киши набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алды

Бүгүн, 3-январь күнү Ирандын Керман шаарында көрүстөндүн жанында болгон кош жардыруудан 103 киши набыт болуп, жаракат алгандардын саны 211ге жетти.

Бул тууралуу Fars News агенттиги Кермандын чукул кырдаал кызматынын жетекчисине шилтеме берип маалымдады.

Жардыруулар 2020-жылы Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык чабуулунан өлтүрүлгөн ирандык генерал Касем Сулейманинин төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда көрүстөнгө жакын жерде болгон. Ал жерге генералды эскерүү үчүн миңдеген киши топтолгон.

Окуянын себептери тууралуу расмий маалымат азырынча айтыла элек.

Эске салсак, мындан төрт жыл мурун 3-январга караган түнү Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан шейит болгон. Аны менен кошо бир нече офицер жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн. Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы болгон.
Тегеран буга жооп ирээтинде 7-январдан 8-январга караган түнү Ирактагы америкалык базаларга ондогон ракеталарды аткан. Жүргүзүлгөн операция “Шейит Сулеймани” деп аталган.
Пентагон Сулейманини өлтүрүү буйругун ошол кездеги АКШнын президенти Дональд Трамп жеке өзү бергенин билдирген.

Комментарий жиберүү