Токио аэропортунда эки учак сүзүшүп, беш киши каза болду

Токио шаарындагы “Ханэда” аэропортунун учуу-конуу тилкесинде Japan Airlines авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган учак өрттөнүп кетти. Андагы 400гө жакын жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрүнүн баары куткарылды.

Бул тууралуу жергиликтүү NHK телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, Хоккайдо шаарынан учуп келген учак өлкөнүн Жээк күзөт кызматынын учагы менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында экинчи учактагы алты кишиден турган экипаж мүчөлөрүнүн бешөө каза болду.Видеоплеер00:0000:001. 85727353834849768580:12

Жээк күзөт кызматына таандык учак жер титирөөдөн жабыркаган Нигата шаарына жардам жеткирүүгө камданып жатканы кабарланды.

1-январдан бери Японияда 150дөн ашык жер силкинүү катталып, алардын күчү 7,6 баллды түзгөн эң ириси Исикава префектурасында катталды. Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирүүдөн каза болгондордун саны 57 кишиге жетти.

Комментарий жиберүү