Ирандын Жогорку лидери Кермандагы теракттын уюштуруучуларына катуу жооп кайтарыларын убадалады

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Керман шаарындагы жүздөгөн кишинин өмүрүн алган террордук кол салуунун уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды.

Өлкөнүн Ички иштер министринин акыркы маалыматы боюнча, көрүстөнгө жакын жерде болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны 84кө, жаракат алгандар 284кө жетти.

Буга чейин иран ЖМКлары окуядан 103 киши каза таап, 211и жаракат алганын Кермандын чукул кырдаал кызматынын жетекчисине шилтеме берүү менен маалымдашкан.

Жардыруулар 2020-жылы Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык чабуулунан өлтүрүлгөн ирандык генерал Касем Сулейманинин төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда көрүстөнгө жакын жерде болгон. Ал жерге генералды эскерүү үчүн миңдеген киши топтолгон.

“Tasnim News” агенттиги маалымдагандай, эки сумкага салынган жардыруучу каражат Сулеймани коюлган көрүстөнгө жакын жерге коюлуп, аралыктан жардырылган деп божомолдолууда.

“Колу бейкүнөө адамдардын канына боёлгон, акылынан айныган мыкаачылыкка барган адамдар мындан ары репрессиянын жана адилеттүү жазалоонун бутасы болмокчу. Аларга мындай апаат үчүн катуу жооп кайтарыларын билип коюшсун”, – деп кайрылуу жасаган Хаменеи.

Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.

Комментарий жиберүү