Япониядагы жер титирөөнүн курмандыктары 161 адамга жетти

1-январдан бери токтобой жаткан Японядагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 161 адамга жетти. Бул тууралуу япониялык аймактык бийликтердин маалыматында айтылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, 560тан ашык адам жердин силкинүүсүнөн улам соккудан ар кандай жаракаттарды алышкан. Япониядагы жер титирөөнүн курмандыктары 2016-жылдан бери биринчи ирет 100дөн ашты. Анда өлкөнүн түштүк-батышындагы Кумамото префектурасында  болгон зилзаладан 273 адам каза болгон.

Чукул кызматтар азыркыга чейин 195 адамдын кайда экендигин аныктай албай жатышат.  Табигый кырсыктан өтө көп зыян Исикава префектурасына келтирилген: бул аймакта 1370 үй толук бойдон же жарым-жартылай талкаланып, 300 имарат өрттөнүп кеткен. Жабыркаган аймакта азыркыга чейин электр энергиясын жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, күйүүчү май жетишпей жаткандыгы белгиленүүдө.

Табигый кырсык болгон аймакта изилдөө-куткаруу операциясы улантылып, бул ишке анын ичинде Япониянын коргонуу министрлигинин күчтөрү катышууда. Акыркы жолу куткаруучулар тирүү адамды 6-январда урандылардын астынан – 90 жаштагы жергиликтүү аялды  алып чыгышкан, ал өзүнүн талкаланган үйүнүн бузулган дубалдарынын астында беш суткадан ашык жаткан.

Комментарий жиберүү