Ирандын атайын кызматтары Кермандагы терактка тиешеси бар 11 адамды кармады

Иран Ислам Республикасынын Керман шаарындагы генерал Касем Сулейманинин сөөгү коюлган мүрзөдө болгон терактка байланышы бар  деген шек менен 11 адам кармалганы белгилүү болду.  Бул тууралуу Ирандын  Fars News маалымат агенттиги билдирди.

Аталган басылманын маалыматына ылайык, мындай билдирүүнү Иран ТИМнин башчысы  Ахмад Вахиди жасады.

Керманда ошондой эле эки террорчу-өз өмүрүн кыйган адамдар жашаган үй аныкталды. Андан жардыргыч заттар, анын ичинде ар түрдүү жарылуучу жабдыктар тагылган белкурчоо табылды.

Ирандын дагы бир  Tasnim маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, Керман шаарындагы теракты жасагандар террорчу-өз жанын кыйгандардын бири Тажикстандын жараны болгон.

Ведомствонун маалыматы боюнча, экинчи террорчунун өздүгү аныкталууда.

Колдоо көрсөткөн топтун ичинен эки террорчу Кермандагы жайгашкан жеринен, дагы тогуз террорчу 6 провинциядан кармалган.

Ислам республикасынын ИИМи терактын курмандыктары 89 адам экендигин, алардын 12си Афганистандын жарандары экендигин билдирди. Каза болгондордун 9у 10 жашка чейинки балдар жана 30у өспүрүмдөр.

Бул теракт үчүн ишмердүүлүгүнө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тыюу салынган “Ислам мамлекети” (ИГИЛ) тобу жоопкерчиликти алган.

Белгилей кетүүчү жагдай, 3-январда Ирандын Керман шаарында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Аль-Кудс” атайын тобунун командири генерал Касем Сулейманинин каза болгондугунун жылдыгы белгиленип жатканда эки ирет жардыруу болгон.

Ирандын бийлиги бул окуяга теракт деп баа берген. Трагедия Керман шаарындагы ирандык генералдын сөөгү коюлган  Голзар-е Шохада мүрзөсүндө болгон (ал жерде анын урматындагы мавзолей да бар).

Комментарий жиберүү