“Үрөй учурган сандар”. Газадагы курмандыктардын саны айтылды

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы куралдуу кагылышуу башталгандан бери Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде 30 миңден ашуун палестиналык Израилдин аскерий аракеттеринин курмандыгы болду. Мындай билдирүүнү кыймылдын жетекчилигинин мүчөсү Усама Хамдан билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

“Газа тилкесинде каза болгондордун саны 29 722ге жетти, анын ичинде 10 000ге жакын бала жана 7 000дей аял бар, дагы 58 166 адам жарадар болду”, – деди ал маалымат жыйынында.

Хамдан кеминде 7000дей газалык дайынсыз жоголгондугун кошумчалады.

Анын айтымында, өткөн жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде каза болгондордун, жаракат алгандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны анклавдын жалпы калкынын кеминде 4%ын түзөт.

ХАМАСтын өкүлүнүн айтымында, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Палестина аймактарында израилдик аскерлер менен кагылышууда курман болгондордун саны 321ге жеткен, алардын 111и балдар. Хамдан ошондой эле кеминде 6 миң киши керектүү медициналык жардам алуу үчүн Газадан тез арада эвакуацияланышы керектигин, бирок азырынча 650 киши анклавдын сыртына чыгып, башка өлкөлөрдө дарылана алганын баса белгиледи.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Октябрдын аягында Израилдин анклавдагы операциясынын кургактагы этабы башталды. Газа шаарын Израилдин кургактык күчтөрү курчоого алып, анклав иш жүзүндө түштүк жана түндүк бөлүктөргө бөлүнгөн. Бир эле учурда Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандагы Хезболла кыймылынын буталарына абадан сокку урууда.

Комментарий жиберүү