Рустам Эмомали Ирандын жетекчилиги менен мамилелердин жаңы өнүгүшүн талкуулайт

Тажикстан Республикасынын милли Мажилисинин төрагасы, Дүйшөмбү шаарынын мэри  Рустам Эмомали Иранга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тажикстандын ASIA-PLus сайты билдирди.

Жогорку палатанын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, аны өкмөттүн комитеттеринин төрагалары жана башка кызмат адамдары коштоп жүрүшүүдө. Иш сапар тууралуу  башка маалыматтар берилген эмес.

Ал эми Ирандын  Мехр агенттигинин маалымдашынча, Рустам Эмомали Иранга эки  күндүк иш сапар менен барган, анын алкагында Ислам кеңешинин спикери, президент жана башка Ирандын расмий адамдары менен жолугушат.

«Биз бул иш сапар мамилелердин кеңейишинин башталышы жана эки тараптуу өз ара кызматташтыктын өнүгүүсүнүн жаңы барагы болот деп ишенебиз», – деп айтышкан агентикке Ислам кеңешинен.

Ошондой эле Рустам Эмомали Ирандын Ислам кеңеши Ассамблеясынын төрагасы Бакир Калибоф менен жолуккандыгы тууралуу маалымат айтылды. Алардын жолугушуусу тууралуу маалымат берилген жок.

Мындан мурда  Мохаммад Бакир Калибофко Тажикстандын парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Кермандагы теракта адамдардын каза болгондугуна байланыштуу  көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ирандын маалымат жана улуттук коопсуздук министрлиги 5-январда кечинде Кермандагы генерал Касем Сулейманини эскерүү иш чарасында өздөрүн жардырган эки жанкечтинин  бири Тажикстандын жараны болгондугун билдирген. Ал тууралуу так маалымат берилген эмес.

Тажикстан менен Ирандын бийлиги акыркы мезгилде мамилелерди толук жакшыртуу өз ара ыңгайлуу көп пландуу кооперацияны кеңейтүүгө багыт алышууда.

Комментарий жиберүү