Нетаньяху Газадагы согушту токтото турган шартты атады

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде тынчтыкка жетишүүнүн үч шартын атады. Бул тууралуу “Wall Street Journal” гезити жазды.

Нетаньяху палестиналык ХАМАС кыймылы жок кылынышы, Газа тилекеси  демилитаризацияланышы жана палестиналык коом дерадикалдашуусу керек экенин айтты.

Нетаньяхунун айтымында, Газаны демилитаризациялоо курал-жарак аткезчилигин алдын алуу үчүн тилкенин бүткүл периметри боюнча, анын ичинде Египет менен чек арада убактылуу коопсуздук зонасын түзүүнү камтыйт.

Премьер-министр ХАМАСты “жок кылуу” чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл деп эсептейт.

Өткөн апта соңунда Нетаньяху Газага болгон сапарынан кийин Израилдин Коргоо күчтөрү тилкеде аскердик операцияларын кеңейтип жатканын, бул ХАМАСты жок кылуунун жана барымтадагыларды бошотуунун жалгыз жолу экенин айткан.

ЦАХАлдын басма сөз катчысы Даниэль Хагари армия Хан-Юнис аймагындагы аскердик операциялардын аймагын кеңейтип жатканын тактаган.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин  улантып келет.

Израилдин соккулары башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун саны 21 миңден ашты, 54 миңден ашууну жараат алды.

Комментарий жиберүү