Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Ирандын эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшу экономикалык кызыкчылыктардын чегинен чыгып, калыптанып жаткан көп уюлдук системанын ичиндеги байланыштарды чыңдоого жардам берип, өлкөлөрдү Батыштын үстөмдүгүнө каршы күрөштө күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылат.
Мындай пикирин талдоочу жана «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Сергей Кожемякин Ирандын “Fars News” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2023-жыл оңой болгон жок. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы буга чейинки чыр-чатактар тереңдеп, жаңылары пайда болду. АКШнын түздөн-түз катышуусу менен Палестинадагы геноцид бүткүл Жакынкы Чыгышта – Сирия менен Ирактан Йеменге чейин абалды туруксуздаштырды. Украинадагы согуш уланууда, Судандагы жарандык согушту жөнгө салуу перспективалары көрүнбөйт, Тайвандын айланасында жана Түштүк Кытай деңизинде АКШ жана анын союздаштары тукурган чыңалуу күч алууда.
Ошону менен бирге элдердин жана өлкөлөрдүн өз алдынча өнүүгүүгө жана батыштын диктатынан кутулууга умтулган карама-каршы вектор күч алууда. Ал акыркы бир жылда Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна кириши жана БРИКСти кеңейтүү чечими сыяктуу бир катар окуяларда көрүндү. Бул багытта дагы бир маанилүү кадам жакында жасалды. 25-декабрда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту.
Бул маанилүү чечимге жеткирген жол узак болду. ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү убатылуу келишим 2019-жылы күчүнө кирген, анда 12 миң товардын 360ына тарифтик жеңилдиктер каралган болчу. Эми толук форматтуу макулдашууга кол коюлган соң товардын 90%ы үчүн бажы алымдары төмөндөйт.
Мындан тышкары, товар сертицификациялоонун жеңилдетилиши, санитардык жана фитосанитардык чаралар, бажылык жөнгө салуу ж.б. боюнча тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтуу каралган. Бул келишим ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы сооданы кеңейтүүгө көмөктөшөөрү талашсыз. Ал тургай, буга чейинки убактылуу келишим да соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө маанилүү роль ойноду. 2019-жылы соода 2,5 миллиард доллар болсо, 2022-жылдын аягына карата 6,2 миллиард долларга жетип, эки жарым эсеге өскөн. 2023-жылы бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн, анткени алгачкы жети айда ЕАЭБ менен Ирандын соодасы 4,3 млрд.долларга жеткен. Эми болсо өз ара сооданы олуттуу гана эмес, көп эсе көбөйтүү үчүн шарттар түзүлдү. Эксперттердин айтымында, соода жакынкы келечекте 20 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Бул Евразиялык экономикалык биримдик үчүн постсоветтик мейкиндиктин аймактык алкактарынан чыгып, жаңы деңгээлге өтүүнүн принципиалдуу маанилүү этабы болуп саналат.
ЕАЭБдин Вьетнам жана Сербия менен эркин соода зоналары боюнча келишимдеринде экономикалык жана геосаясий себептерден улам белгилүү чектөөлөр бар. Ал эми Иран менен кырдаал бир катар себептерден улам олуттуу айырмачылыктарга ээ.
Биринчиси, бул өлкөнүн географиялык абалы. Ирандын Евразия экономикалык мейкиндигинде соода байланыштарын жеңилдеткен эл аралык транзиттик жолдорду айтпаганда (мисалы, Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу) кургактан (Армения) жана деңизден (Каспий) байланыш линиялары бар. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү Ирандын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Жакынкы Чыгышка, Түштүк Азияга ж.б. жүктөрдү ташуу үчүн деңиз портторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.
Экинчиден, Иран Ислам Республикасы өнүккөн диверсификацияланган экономикага, кеңири керектөө рыногуна жана инновациялык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул потенциал ЕАЭБ үчүн соода тармагында гана эмес, өнөр жай, илимий-техникалык кооперация боюнча да эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү берет. Глобалдык толкундоолордун жана санкциялык согуштардын шартында бул Евразия биримдигинин экономикалары үчүн “коопсуздук жаздыгын” түзүшү мүмкүн. Иран үчүн да талашсыз артыкчылыктар бар. Өлкөнүн продукциясы рынокту оңой таба алат, ал эми ЕАЭБден товарларды (биринчи кезекте айыл чарба) арзан баада алуу Батыштын санкцияларынан улам келип чыккан социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берет.
Ошол эле учурда эркин соода келишиминин мааниси экономикалык кызыкчылыктардын чегинен чыгып, калыптанып жаткан көп уюлдук системанын ичиндеги байланыштарды чыңдоого жардам берип, өлкөлөрдү Батыштын үстөмдүгүнө каршы күрөштө күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылат. Анын артынан “Түндүк-Түштүк” транспорт коридорунун биротоло калыптанышына, Россия менен Ирандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк келишиминин түзүлүшү жана башка зарыл кадамдар болушу мүмкүн.
Ошондуктан, ЕАЭБ менен Ирандын жакындашуусу жакынкы келечекте өзүнүн жемишин көрсөтө турган жаңы жана чоң геосаясий энергияны алып келет.