Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

 11-февралда Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 44 жылдыгы даңазалуу белгиленди. Мындан 44 жыл мурун болгон революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.

Жыл сайын бул күнү өлкө боюнча миллиондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышып, Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленет.

Быйыл дагы өлкөнүн бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди.

Жөө жүрүшкө 20 миллиондон ашуун адам чыкты.

Алар өлкөнүн желегин, Жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин, Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Рухолла Хомейнинин жана 2020-жылы Ирактын борбору Багдадда америкалык аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн генерал Касем Сулейманинин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, бийликти колдогон ураандарды чакырышып, душмандарга каршы бирдиктүү турушаарын көрсөтүштү.

Жүрүшкө эл менен катар жогорку даражалуу расмий адамдар, анын ичинде президент Ибрахим Раиси, Межилистин  төрагасы Мохаммад Багер Галибаф жана сот бийлигинин башчысы Голам Хоссейн Мохсени-Эжеи ж.б. министрлер чыгышты.

Атактуу “Азади” аянтына баруучу жолдордо өлкөнүн түрдүү тармактардагы, анын ичинде аскердик тармактагы жетишкендиктерин чагылдырган объекттер коюлду. Ирандыктар “Эмад” баллистикалык ракетасын, “Шахед-136” учкучсуз учуучу аппаратын жана “Сейжил” ракетасын көрө алышты.

Өлкөнүн диний борборлору болгон – Кум жана Мешхед шаарларынын көчөлөрү да адамдарга жык толду. Маанилүү иш-чаралар өлкөнүн тарыхый борборлору – Исфахан, Шираз жана Йезд шаарларында да өттү.

Мындай жүрүштөр Иранда гана эмес, башка өлкөлөрдө, мисалы, Иракта, Индияда ж.б. да өттү.

Ислам революциясынын жеңишинин 44 жылдыгына арналган даңазалуу жүрүштү 200дөн ашуун чет элдик журналисттер жана 6500 жергиликтүү маалымат каражаттары чагылдырды.

Эркиндиктин күнү

Тегерандын борборундагы “Азади” аянтында ирандыктарга кайрылган өлкө президенти Ибрахим Раиси улуттук биримдикти көрсөткөн 22-Бахман (11-февраль) эгемендүүлүктүн, эркиндиктин жана Ислам Республикасынын башталган күнү экенин баса белгиледи.

Ал 1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишинен бери Иран илимий, технологиялык, экономикалык, коргонуу жана саламаттыкты сактоо тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин бастараптан өнүгүп жатканын билдирди.

Раиси бүгүнкү Иран аялдарга бардык саясий, социалдык, маданий жана илимий тармактарда чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип жатканын, ал эми Батыш аялдарды курал катары колдонорун кошумчалады.

Монархияга чекит коюлган күн

Мындан 44 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган. Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленген.

Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Ислам Революциясынын жеңиши менен Ирандын шахы Реза Пехлеви бийликтен кулатылган.

Иранда 1-февралдан  11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Комментарий жиберүү