Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кытайга барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси үч күндүк иш сапары менен бүгүн Пекинге жөнөп кетет. Бул тууралуу “IRNA” агенттигинин сайтында айтылат.

Иш сапардын алкагында Раиси Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Иран президентинин Пекинге боло турган сапарын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин да тастыктады.

Раиси жаңы Кытай жылында Пекинге келген биринчи саясий лидер болот. Тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен жыйынына катышат, ошондой эле Кытайда жашаган ирандыктар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Раиси кытайлык ойчулдар жана интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Буга чейин, 2022-жылдын сентябрында Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Самаркандда өткөн  саммитинин алкагында Раисини Пекинге келүүгө чакырган.

Анда Кытай лидери эки өлкөнү салттуу достук байланыштырып турарын айтып, Кытай тарап Ирандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн коргоодо колдой тургандыгын жана ички иштерге кийлигишпөө принцибин биргелешип коргоого даяр экенин баса белгилеген.

Мындан тышкары, Си менен Раиси эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди тереңдетип, өнүктүрүү үчүн мунай жана энергетика, транзит, айыл чарба, соода жана инвестиция тармагындагы бир катар маанилүү маселелерди талкуулашкан.

Кытай лидери ошондой эле «Иран-Кытай мамилелери стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, Ирандын БРИКСке мүчөлүгүн да колдогон.

Пикир келишпестиктер бар, бирок алар тоскоолдук кылбайт

Иран президенти Ибрахим Раисинин Кытайга сапары жана анын Си Цзиньпин менен жолугушуусу “АКШ менен чыңалуунун курчушу шартында” эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бекемделишинен кабар берет, деп жазат Bloomberg.

Агенттиктин эксперттери белгилегендей, Пекин өткөн жылдын аягында эле, анын ичинде Иранда болгон массалык нааразылык акциялары учурунда Тегеранга карата токтоо позицияны карманган. Ошол эле учурда жаңы 2023-жылы Кытай “мунайга бай аймакта бийлигин арттыргысы” келсе керек.

Ошол эле учурда, Раисинин сапары Абу Муса, Чоң Тонб жана Кичи Тонб аралдарына карата «стратегиялык мамилелердин» түзүлүшүнө салым кошо алат.

Буга чейин Пекин Иран менен аймактык талашта БАЭ жана Сауд Аравияны колдогон. Эми Раисинин визити байланыштарды чыңдоого жана бул чыр-чатакты жөнгө салууга жардам берет.

Өткөн жылдын 12-декабрында Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канаани аймактык талаш боюнча Кытайдын жана бир катар араб өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсүн айыптаган. Ал “бул жерлер Ирандын аймагы экенин, аларга каршы дооматтар Иран Ислам Республикасынын ички иштерине кийлигишүү болуп саналарын” билдирген.

Иран ШКУнун жана келечектеги БРИКСтин мүчөсү

Жакында Ирандын ШКУга толук мүчө болуп киришинин акыркы процедурасы аяктады. Эми жакында БРИКСке мүчө болушу мүмкүн.

БРИКС өлкөлөрүнүн башчыларынын акыркы жыйынында Си Цзиньпин Ирандын союзга киришин колдогон.

“Иран БРИКСтин мүчөлөрү менен бөлүшүүгнө мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде энергетикалык ресурстардын чоң запастарын, арзан транзиттик тармактарды, илимий жетишкендиктерин пайдаланууга даяр”, – дешет тараптар.

Ирандын саясий жана экономикалык географиядагы уникалдуу орду өлкөнү БРИКСке кирүү үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшкө айланта алат.

Эксперттер бул мүмкүнчүлүктү активдештирүү санкцияларды нейтралдаштыруу, соода жана технологияларды жеткирүү үчүн пайдалуу болот деп эсептешет жана иран-россиялык банктардын байланышы эки өнөктөштүн акыркы жетишкендиктеринин бири болот.

Белгилей кетсек, Тегеран ШКУга мүчө өлкөлөргө биргелешкен банк түзүүнү сунуштаган.

Иран бажы кызматынын маалыматы боюнча Кытай Иран Ислам Республикасынын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Кытайдын Ирандан импортунун көлөмү 2022-жылы 12 миллиард 600 миллион долларды түзгөн. Тегеран өз кезегинде Кытайдан 12 миллиард 700 миллион долларлык товар импорттогон.

Комментарий жиберүү