Түркия: Жер титирөөнүн кесепеттери президеттик шайлоого таасирин тийгизеби?

Түркияны дүрбөлөңгө салган кыйратуучу жер титирөө түрк экономикасы үчүн эле оор кесепеттерге алып келбей, ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылууда.

6-февраль таңга жуук Түркияда жана коңшулаш Сирияда акыркы 80 жылдагы эң кыйраткыч жер титирөө болду. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, Түркия аймактагы эле эмес, дүйнөдөгү эң чоң апаатка туш болду.

Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миң 213дөн ашып, жабыркагандардын саны 80 миң 052 адамга жетип, миңдеген имараттар жер менен жексен болду. Урандыладын алдында дагы эле адамдар калууда, курмандыктардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттери тууралуу жыйынтыктарды чыгарууга али эрте, бирок алар өлкө үчүн тарыхтагы эң коркунучтуу болуп калаары азыртадан эле көрүнүп турат.

Учурда өлкө коркунучтуу табигый кырсыктын жараларын жаңыдан айыктыра баштаганда, анын өлкөдө боло турган шайлоого тийгизген таасири тууралуу кызуу талкуулар жүрүп жатат. Президенттик жана парламенттик шайлоолор май айында бир күндө өтүшү керек.

Акыркы убакта түрк экономикасында баары жакшы эмес. 2022-жылы инфляция 64,3% түзгөн. Сирия жана Ирактагы согуштардан улам миграциялык кризис уланып жаткан учурда, эми минтип миңдеген адамдардын өмүрүн алып, жүздөгөн үйлөрдү кыйраткан коркунучтуу апаат болуп отурат.

Эгер шайлоо болсо, Түркиянын ансыз да оор экономикалык абалын ого бетер курчута турган азыркы жер титирөө Эрдогандын кайрадан президент болуу пландарына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бир катар эксперттер эми Эрдогандын саясаттагы ийгилиги бийлик жер титирөөнүн кесепеттерин канчалык тез арада жоё аларына  көз каранды болору анык экенин айтышууда.

Жер титирөө шайлоого кандай таасир этиши мүмкүн?

Түркияда 2023-жылдагы негизги саясий окуя бир күндө өткөрүлө турган президенттик жана парламенттик шайлоо болмок. Өткөн жылы юстиция министри Бекир Боздаг шайлоолор 8-июнда болоорун айткан. Анткен менен эксперттер менен оппозиция шайлоо эртерээк өткөрүлөөрүн айтышкан. Январь айында Эрдоган 14-майда болоорун билдирген. Бирок бул дата азырынча тактала элек.

Улуттук мыйзамдарга ылайык, шайлоо күнүн парламент аныктайт, бирок депутаттар макул болбосо, президенттин жарлыгы менен белгилениши мүмкүн. Негизи шайлоону эртерээк мөөнөткө жылдыруу башкаруучу “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы (АКП) үчүн пайдалуу болмок, анткени ал оппозицияга электоратты мобилизациялоого аз убакыт калтырмак. Анткен менен шайлоону башында пландалгандай июнь айында өткөрүү же кийинки мөөнөткө жылдыруу дагы деле мүмкүн.

Бул шайлоодо Эрдоган жеңишке жетсе, төртүнчү жолу өлкөнүн башкы кызматын ээлейт. 2014-жылдан бери Түркия Республикасынын президенти түз шайланган, анын ыйгарым укуктары беш жыл, бир адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык аткара албайт. Бирок Эрдогандын кайра шайлануусу 2017-жылы Конституциянын өзгөрүшүнө байланыштуу мүмкүн болуп, анын мурдагы мөөнөтүн «жараксыз» кылган. Ал “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын өкүлү катары ат салышат.

Ал эми алты оппозициялык партиянын альянсы азырынча өз талапкерин атай элек.

Британиялык “Royal United Services Institute” аналитикалык борборунун эксперти Зия Мерал быйылкы шайлоолорду унутуп койсо болорун билдирди.

Ал эми Заманбап Түркияны изилдөө борборунун директору Амур Гажиев бул каргашалуу окуялар бүтүндөй Түркияга, экономикага жана калкка чоң таасирин тийгизгенин РБК агенттигине билдирди.

“Эл азыр шок абалда, андыктан мындай учурда үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүү моралдык жактан канчалык туура болот деген суроо туулат, бул жакшы кабыл алынбашы мүмкүн”, – дейт Заманбап Түркияны изилдөө борборунун директору Амур Гажиев.

Ал кандайдыр бир компромисстик чечим табыларын — бийлик же үгүт иштерин чектейт, же шайлоо күнүн жылдырууну сунуш кылышы мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми Дүйнөлүк саясат институтунун президенти, Түркиянын Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн профессору Хүсейин Багжы жер титирөө 2023-жылдын май айына белгиленген президенттик шайлоону жокко чыгарууга же кийинкиге калтырууга алып келиши күмөн, деп билдирди. 

“Бул сөзсүз түрдө шайлоо процессине таасирин тийгизет, бирок алардын кийинкиге калтырылат же жокко чыгарылат деп ойлобойм. Алар өткөрүлөт, анткени жер титирөөдөн Түркиянын бир гана аймагы (Түштүк-Чыгыш Анадолу – ред.) жабыркады”, – деди Багжы РБК агенттигине.

Мындай учурда Түркиянын азыркы президентинин өлкөдөгү оппоненттери өз мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого аракет кылары шексиз. Маалым болгондой, жер титирөөнүн натыйжасында Түркияда кээ бир үйлөр картадан жасалган үйлөрдөй болуп, кыйрап калды. Бул аларды курууда одоно мыйзам бузуулар болгонун көрсөтүп турат. Бул жерде Эрдоганды курулуш тармагына көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн айыптоо болушу мүмкүн. Анын үстүнө анын айрым туугандары, тагыраак айтканда президенттин күйөө баласы курулуш тармагына активдүү аралашып жүрүшөт.

Чыгыш таануучу, Россиянын Эл аралык иштер кеңешинин эксперти Кирилл Семёнов оппозиция, шаарлардын жер титирөөгө туруктуулугун күчөтүү боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгөнү үчүн өкмөттү сынга алып, мындан пайда көрүүгө аракет кылышы мүмкүн экенин айтты.

Анын пикиринде, табигый кырсык түрк президентинин позициясын же бекемдейт, же алсыратат.

“Мунун баары өкмөттүн жер титирөөнүн кесепеттерин кантип жоеруна жараша болот. Албетте, оппозиция, шаарлардын жер титирөөгө туруктуулугун күчөтүү боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгөнү үчүн өкмөттү сынга алып, мындан пайда көрүүгө аракет кылат”,  – деди эксперт.

Бирок, экинчи жагынан, Эрдоган бул кырдаалды өз пайдасына бурушу мүмкүн. Түрк лидери дароо жалпы трагедиянын алдында түрктөрдү биримдикке чакырып, жер титирөөдөн кыйраган аймактарга жеке өзү барды. Ал үй-жайсыз калгандардын баарына чукул арада үйлөр салынып берилерин жана аларга компенсация төлөнөрүн убадалады. 

Ошентсе да жер титирөөнүн саясий кесепеттерин алдын ала айтуу мүмкүн эмес.

Эксперттердин бул кырдаал боюнча божомолдорунун тууралыгын убакыт көргөзөт. 

Комментарий жиберүү