Иманкулов: «Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратат»

Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында коопсуздук кеңештеринин катчыларынын улуттук коопсуздук кеңешчилеринин ооган маселелери боюнча Бешинчи көп тараптуу жолугушуусунда билдирди.

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Иманкулов өз сөзүндө Ооганстанда тынчтык жана стабилдүүлүк болушун каалаган мамлекеттердин алдында кырдаалды жөнгө салуу үчүн эффективдүү чараларды жана механизмдерди активдүү издөө жана аларды тез колдонуу милдети турарын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ондогон жылдар бою согуш жана кагылышуулар абалында болуп келген ооган эли өз кезегинде тынчтыкта жашоого жана келечекке ишеним менен кароого татыктуу экенин билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жана аймактык туруктуулуктун таламдары дүйнөлүк коомчулуктан Ооганстанга жетиштүү жана өтө зарыл болгон гуманитардык жардамды тез арада берүүнү, ошондой эле калктын турмуш-тиричилигин камсыздоонун социалдык жана башка маселелерин чечүүдө кеңири жардам көрсөтүүнү талап кылат.

Өз кезегинде Россиянын Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушев Ооганстандагы кырдаал өтө тез начарлап жатканын, бирок бул «азыркы Кабул бийлигинин» күнөөсү эмес экенин баса белгиледи.

«Коопсуздук тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү АКШ жана анын союздаштары дүйнө жүзү боюнча эскини сактоого жана жаңы чыңалуунун борборлорун түзүүгө багытталган саясатты жүргүзүп жатканы маанилүү», – деп кошумчалады ал.

Ал эми анын ирандык кесиптеши Али Шамхани да Американын коркунучун тастыктады.

«Америка Кошмо Штатынын аймакта болушу туруксуздукту жаратат. Ооганстандын тажрыйбасы муну тастыктайт. Ирактагы окуялар жана “ИМ” террордук уюмунун түзүлүшү, ошондой эле Украинада болгон окуялар — Американын текебер аракеттеринин натыйжасы. Украинанын эли бул максаттардын курмандыгы болуп калды. АКШ да Кытай Эл Республикасы менен бир тараптуу кырдаалды жаратып жатат», – деди ал.

Жолугушуудан соң делегация башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Путин өз сөзүндө «америкалыктар Ооганстандан качкандан кийин бул өлкөдө абал жакшырбай жатканын» өзгөчө белгиледи.

«Дүйнөнүн башка аймактарында, анын ичинде Украинада жаңжалдардын болушу Ооганстандагы кырдаалдын маанисин төмөндөтпөйт. Биз түштүк чек араларыбызга жакын жерде мындан ары чыңалуу чекиттеринин пайда болушун каалабайбыз», – деп кошумчалады Путин.

Белгилей кетсек, жыйынга талиптердин өздөрү катышкан жок. Алар буга чейин Коопсуздук кеңешинин алкагындагы мындай иш-чараларга катышкан эмес, тескерисинче, алар Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз байланышта.

Буга чейин, 20-январда Россиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов АКШ Ооганстандын оппоненттери менен байланыш түзүүгө аракет кылып жатканы жана “ИМ” террордук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылып жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин билдирген.

Талибан кыймыл Ооганстанда бийликти колго алганына эки жыл болду. Алар 2021-жылдын 15-августунда бийликти басып алып, убактылуу өкмөт түзгөн. Аны бир дагы дүйнө өлкөлөрү тааный элек.

Комментарий жиберүү