ТҮРКСОЙ 450 чатыр тигип, кызматкерлери Газиентепте иштеп жатат

. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму  жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга моралдык, материалдык көмөк көрсөтүүдө.

Бул тууралуу аталган уюмдун Башкы катчысы Султан Раев билдирип, Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды:

“Урматтуу мекендештер!

Азыркы күндө биздин бир боор түрк туугандарыбыз кансырап, жүрөгү ооруп, улуу апааттын алдында калды. Аны Сиздер бардык маалымат булактарынан окуп жатасыздар! Түрк дүйнөсүнө дайыма жардам колун сунуп келген түрк туугандарыбыз бүгүн биздин жардамга муктаж. Эн оболу материалдык гана эмес, моралдык колдоого, бир боордук сезимге, тилектештикке, боордоштукка, бир туугандык жылуу сөзгө муктаж. Ушул кыйын мүнөттөрдө ар бирибиздин жылуу сөзүбүз муздап турган боордошторубуздун жүрөгүн жылытат, дух берет! Биз, ТҮРКСОЙ эл аралык уюм бүткүл түрк дүйнөсүндөгү өнөр адамдарына “Биз биргебиз! деген ураан менен кайрылуу жасадык. Кудайга шүгүр, баары колдоп жатат.

Кыргызстандын жүздөн ашуун өнөр адамдары ТҮРКСОЙдун “Биз биргебиз” аттуу демилгесин колдоону баштады…

Түркиянын оор күндөрүндө бирге бололу, жанында бололу!

Бар болуңуздар, уюштуруучуларга, колдоогондорго таазим!

Түрксой эл аралык уюмунун атынан ыраазычылык.

ТҮРКСОЙ уюмунун түрк өлкөлөрүнөн турган 10дон ашуун кызматкерлери жер титирөө болгон Газиантепте өз ыктыяры менен иштеп жатат. Жер титирөөдөн жапа чеккен адамдарга 450 чатыр куруп берди. Бул аймакта ар бир үч саатта 3-4 баллдагы жер титирөөлөр уланып жатат…

Акыркы маалыматтар боюнча  Түркияда 12,5 миң адам жер титирөөдөн каза таап, жаракат алгандардын саны 60 миңден ашты.

Комментарий жиберүү