«Түндүк агымдагы» жарылуунун сыры ачыла баштады. Деңиздин түбүн АКШнын суучулдары миналаганбы?

 АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары өткөн жайда “Түндүк Агым” газ куурларынын астына жардыргыч заттарды коюшкан, аны үч айдан кийин норвегиялыктар активдештирген.

Бул тууралуу Пулитцер сыйлыгынын лауреаты журналист Сеймур Херш маалымат булагына таянуу менен өзүнүн сайтында билдирди.

“Өткөн жайда АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары НАТОнун “Baltops 22” деп аталган машыгууларына жашынып үч айдан кийин “Түндүк Агымдагы” төрт түтүктүн үчөөнү жок кылган алыстан иштетилген жардыруучу заттарды орнотушкан”, д – деп жазды ал.

Анын айтымында, 26-сентябрда Норвегиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн учагы жардыргыч заттарды ишке киргизген гидроакустикалык буйду түшүргөн.

Журналист белгилегендей, АКШнын президенти Жо Байден “Түндүк Агымда” диверсия кылууну Вашингтондун улуттук коопсуздугу боюнча коомчулуктун алкагында тогуз айга созулган өтө жашыруун талкуулардан кийин чечкен.

Арзан газ берүүчү куурларды иштен чыгаруу АКШ үчүн зарыл болгон, анткени алар Германия сыяктуу өлкөлөр “Украинаны Россияны жеңүү үчүн акча жана курал менен камсыз кылгысы келбейт” деп чочулашкан.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Эдриенн Уотсон муну “калп жана толугу менен ойдон чыгарылган” деди. Өз кезегинде Борбордук чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Тэмми Торп да дал ушундай маанайда жооп берди, деп белгиледи ал.

Журналист ошондой эле диверсияны уюштурууга АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын да катыштыгы бар экенин, Байдендин тапшырмасы менен план иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топ түзүп, ал боюнча 2021-жылдын декабрь айында жыйын өткөргөнүн белгиледи.

Анын айтымында, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү өз кезегинде “Түндүк Агымга” кол салуу үчүн суу астында жүрүүчү кемени колдонууну, ал эми Аскер-аба күчтөрү аралыктан жардырылган бомбаларды колдонууну сунуштаган. Бирок өткөн жылдын башында Борбордук чалгындоо кызматынын атайын тобу Салливандын ведомстволор аралык тобуна түтүктөрдү жардыруунун жолу бар экенин айткан.

Херш АКШнын “Түндүк агымын” бузууга катышуусу тууралуу макаланын аныктыгын жеке өзү РИА Новостиге ырастады. Ал материал боюнча иштин чоо-жайын жана анын булагы ким экенин айтуудан баш тарткан.

Сеймур Херш – эң белгилүү америкалык журналисттердин бири. 1969-жылы ал Вьетнамдагы Сонгмиде америкалык аскерлер тарабынан жүргүзүлгөн кыргын тууралуу көптөгөн иликтөөлөрдү жарыялап, ал үчүн Пулитцер сыйлыгын алган.

Ошондой эле ал 1970-жылдары Уотергейт жаңжалы, 2004-жылы Абу-Грейб түрмөсүндөгү туткундарга жасалган кордуктар тууралуу көп жазган.

Былтыр 26-сентябрда Россиянын “Түндүк агым” жана “Түндүк агым 2” түтүгүндө жарылуу болгон. “Түндүк агымдын” оператору Nord Stream AG оңдоо иштерин баалоо мүмкүн эмес экенин айткан.

Москва бул окуя үчүн батыш өлкөлөрүн күнөөлөп, президент Владимир Путин муну бүтүндөй континенттин энергетикалык коопсуздугун үзгүлтүккө учураткан эл аралык террордук акт деп атаган. Ал эми Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул окуяга АКШнын түздөн-түз тиешеси бар экенин билдирген.

Пентагондун өкүлү бул ишке Кошмо Штаттардын таптакыр тиешеси жок экенин айткан.

Германия, Дания жана Швеция дагы бул атайын жасалган диверсия экенин четке каккан эмес.

Балтика деңизиндеги “Түндүк Агым” орус газын Германияга жеткирүүнүн негизги багыттарынын бири болгон, ал жерден андан ары ЕБ өлкөлөрүнө бөлүштүрүлгөн. “Түндүк Агым 2” да орус жаратылыш газын Европага экспорттоо үчүн курулган, бирок Россиянын Украинадагы атайын операциясы жана андан кийинки Евробиримдиктин санкцияларынан улам ишке берилген эмес.

Россиянын “Газпром” компаниясы жарылган куурлардын ичинде 800 миллион куб метр газ болгонун билдирген.

Учурда тергөө иштери бир эле учурда Европанын бир нече өлкөсүндө жүрүп жатат, бирок азырынча тергөөнүн расмий жыйынтыгы, атүгүл алдын ала жыйынтыктары чыга элек.

Комментарий жиберүү