Ражаб айы кирип келди, Рамазанга 2 ай калды

Ражаб Ыйык Куранда тыюу салынган ай катары эскерилет. “Ражаб” сөзү “даражасы көтөрүлгөн” деген маанини билдирет. Ошондой эле “даңктоо, урматттоо, коркуу” деп да которулат.

Бул айдын даражасы бир нече себептерден улам жогорулатылган:

1) Бул айдын өзгөчөлүгүн Аллах Таала Куранда өзгөчө белгилейт. Зуль-каада, Зуль-хиджа, Мухаррам айлары менен бирлгеликте Ражаб айы тыюу салынган айлардан болуп эсептелинет.“Чындыгында асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын өзүнүн китебинде айлардын саны-12. Булардын төртөөсү – ыйык айлар: Зуль-каада, Зуль-хиджа, Мухаррам жана Ражаб. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла…” (Куран, 9:36).

2) Ражаб айы – Ыйык Рамазандын кабарчысы. Ай көрүнгөндө Алланын элчиси (ага Аллахтын салам жана салаваты болсун) Рамазанга даярдык көрүүнү буйруп, төмөнкү дубаны айтууга чакырган:

«Оо, Аллах, Ражаб жана Шаабан айларында бизди Өзүң колдоп, Рамазанга аман-эсен жеткире көр” (Шу’абильИмаан и ИбнусСунни).

Рамазан менен Ражаб айынын ортосун бир гана ай бөлүп турат. Андыктан мусулмандар Ыйык Рамазан айына азыртадан кам көрүп башташы керек. Бул айда жакшы иштерди көбүрөөк жасап, ар кандай тыюу салынган иштерден оолак болуу зарыл. Анткени бул айда жасалган күнөөнүн кесепети коркунучтуураак.

Бул айды башка айлардан өзгөчөлөнтүп, бир күндү белгилебестен, нафил орозо кармап, көбүрөөк ибадат кылган жакшы.

Комментарий жиберүү