Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы.

Курани Карим – кыяматка чейин бурмаланбай сакталчу жалгыз китеп. Куран түшкөндөн тартып Ислам душмандары андан ката табууга жана ага окшошту жаратууга жандалбас уруп келишет. Бирок алардын аракети майнапсыз. Ыйык китебин жокко чыгарып, ага ишенбегендерге Аллах Таала мындай деп кайрылат:

“Эгер бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылышса да, атүгүл бири-бирине жардам беришсе да, эч качан ага окшогон нерсени жарата албас эле” (Куран, 17:88).

Кызыктуу факт:

Илимпоздор Курандагы сандар феноменин аныкташкан. Мисалы, Жер планетасы Күн системасын 365 күндө айланары анык. Ал эми “күн” (يوم) сөзү Курани Каримде 365 жолу, “ай” ( شهر) 12 жолу, “күндөр” (أيام) 30 жолу кездешет. Инсанды таң калтырган сан кубулуштары Куранда өтө көп.

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет. Анын кереметтери көп тармакты камтыгандыктан, аалымдар аны 4 негизги бөлүккө бөлгөн:

1) СТИЛИСТИКАЛЫК КЕРЕМЕТ

Курандагы эң чоң керемет – анын стилистикасы. Башкача айтканда, сөздөрдүн жайгашуу орду, маанисинин тереңдиги. Бир эле сөздү алмаштырып коюу менен аяттын структурасы, формасы, мааниси толугу менен өзгөрөт. Курандын ар бир аятында чечендик, риторика кездешет. Ошондуктан ушуга чейин эч ким андан карама-каршылыкты тапкан эмес.

“Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү? Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, Курандан көптөгөн карама каршылыктарды табышар эле” (Куран, 4:82).

2) ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕР

Илим тарабынан кийин гана далилденген Куранда илимий фактылар көп. Ыйык Куран адам акылы жетпей турган Күн системасы, жылдыздар, жердин жаралышы, табигый кубулуштар жана башка нерселерди баяндайт.

“Курандын толук чындык экендиги айкындалганга чейин Ааламдагы жана өздөрүндөгү белгилерибизди толук көрсөтөбүз. Чындыгында, Эгеңдин бардык иштерге күбө экендиги сага жетиштүү эмеспи?” (Куран, 41:53).

3) МАМЛЕКЕТТИК ИШТЕРДЕГИ КЕРЕМЕТ

Кайсы мамлекеттин эли шарыятты толук карманса, ошол өлкө өнүгүп-өсөт. Тескерисинче, мусулмандар Куран көрсөтмөлөрүнөн тайган сайын, ошончолук алсырайт. Социалдык көйгөйлөрдүн чечилиши Куранда көрсөтүлгөн. Ыйык китепте жазылган мыйзамдар бардык доорго туура келет. Мунун өзү – керемет.

Ошондой эле Куранда адеп-ахлактуу, чынчыл болуу, келишимдерди аткаруу, көбүрөөк сооп иштерди жасоо буйрулган.

4) СЫРДУУ НЕРСЕЛЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ КЕРЕМЕТ

Ыйык Куранда мурда жашап өткөн адамдардын, пайгамбарлардын сырлары айтылган. Бул окуялар пайгамбарыбыздын замандаштары үчүн таптакыр белгисиз эле. Бул тууралуу Аллах Таала айтат:

“Мына ушулар кайып баяндардан. Аны сага жашыруун кабар кылдык. Мындан мурда аны сен да, коомуң да билген эмес” (Куран, 11:49).

Келечекте боло турган окуялардын камтылгандыгы да Куран кереметтерине кирет. Мухаммед пайгамбарыбызга бир канча убакыттан кийин кандай окуялар орун ала тургандыгы жөнүндө Ыйык Китепте айтылган.

Куран кереметтери тууралуу айта берсек сөз түгөнбөйт. Биз бул макалада Ыйык Китептин кереметтерин жалпылап бергенге аракет кылдык.

Комментарий жиберүү