Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Бардык көйгөйлөрдүн башталышы – жүрөктүн ыпластыктарга толуп, ыймандын алсырашынан. Чыныгы ыйман келтирген адам жүрөгүн тазалап, Аллахка жакындоо үчүн болгон аракетин жумшайт.

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кабардар болгула! Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар. Ал бузулса, бүткүл дене бузулат. Ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Көңүл бургула! Ал – жүрөк” (Бухари).

1. Тобо келтирүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Амал китебинде көп Аллахтан көп кечирим суроо табылган адамга куш кабар болсун” (Ибн Маажа).

2. Бардык күнөөлөрдү таштоо

Аллах Таала айтты: “Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла” (Куран, 6:120).

3. Жүрөктү ыпластыктардан таза кармоо

Азирети Анас ибн Малик (р.а) айтат: “Мага Аллахтын элчиси кайрылды: “Оо, балам! Бир да адамга жүрөгүңдө кек сактабай таң атыра алсаң, ошондой кылгын” (Тирмизи).

4. Жүрөккө дүйнөгө болгон сүйүүнү жайгаштырбоо

Иса (а.с) айткан: “Дүнүйөнү сүйүү – ар бир катачылыктын башталышы”.

5. Дуба кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ минтип дуба кылган: “Оо, жүрөктөргө багыт берүүчү Зат – Аллах. Биздин жүрөктөрүбүздү өзүңө баш ийүүгө буйругун” (Муслим).

6. Такыбаа болууга аракет кылуу

Аллахтын элчиси ﷺ төмөнкү дубаны көп айткан: “Оо, жүрөктөрдү өзгөртүүчү зат! Менин жүрөгүмдү өз денеңде бекем кыгын” (Тирмизи).

Комментарий жиберүү