Ооруп жатканда окулуучу дубалар

Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде мындай деп келет: «Ким бир түн бою ооруп, ага сабыр кылса жана Аллах Таалага ыраазы болсо, күнөөлөрүнөн энеси төрөгөн күндөгүдөй таптаза болуп арылат”.

Бул материалда ооруп, шыпаа издеп жаткан бир туугандарыбыз үчүн пайгамбарыбыз сунуштаган дубаларды сунуштайбыз

1. Эгер дененин кайсы бир жеринде кандайдыр бир оору болсо, ошол жерге оң колду коюп, 3 жолу “Бисмиллах” деп айтылат. Андан кийин бул дубаны 7 жолу окуу керек:

أعُوذُ بِعِزَّةِ اللَّهِ وَقُدْرَتِهِ مِنْ شَرّ ما أجِدُ وأُحاذِرُ

«А‘узу би-‘иззати-Лляхи ва кудрати-хи мин шарри ма аджиду ва ухазир!»

Мааниси: “Сенин жардамың менен, кудуретиң менен өзүмдө бар оорунун жамандыгынан жана өзүм корккон нерседен сактанамын” (Муслим).

اللَّهُمَّ رَبَّ النَّاسِ أذْهِبِ البأسَ ، اشْفِ أنْتَ الشَّافِي، لا شِفاءَ إِلاَّ شِفاؤُكَ شِفاءً لا يغادر سقما

«Аллахумма Рабба-н-наси азхиби-ль-баъса, (и)шфи Анта-ш-шафи, ля шифаа илля шифау-кя, шифаан ля йугадиру сакаман»

2. Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде мындай деп келет: “Бир жериң ооруган кезде, колуңду ооруп жаткан жерге коюп, минтип дуба кыл:

بِسْمِ اللهِ أّعُوذُ بِعِزَّةِ اللهِ وَ قُدْرَتِهِ مِنْ شَرِّ مَا أَجِدُ مِنْ وَعجَعِى هَذَا.

«Бисмилляхи агузу би гиззат-иляхи ва кудратихи мин шарри ма аджиду мин уаджаги хаза»

Мааниси: “Аллахтын ысымы менен! Бул оорунун жамандыгынан Аллахтын улуулугуна жана кудуретине баш калкалайм”.

3. Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Кайсы бир мусулман ооруган убакта (Аллах Таалага төмөнкү сөздөр менен) 40 жолу кайрылса, ошол оорусунда каза болсо, ага шейиттин сообу берилет. Эгер ал оорусунан айыгып кетс, анын абалы жакшы болот. Анткени анын бардык күнөөлөрү кечирилет”.

«لَا إِلَٰهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ»

«Ля иляха илля анта Субханака инни кунту мин аз-залимин»

Комментарий жиберүү