Дуба текке кетпейт

Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: «Дуба кылгыла, кабыл кылайын», – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде?

ЖООПЖок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси:

«Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.» [Тирмизи, Абу Давуд]

«Аллаху таала айтты: «Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.» [Табарани]

Аллаху таала: «Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын», – деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз. Китептерде билдирилет:

Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:

«Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.» [Дайлами]

«Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат.» [Дара Кутни]

Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:

«Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: «Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын», – деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: «Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын», – деп буюрат.» [Ибни Нажжар]

Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: «Дуба кылдым да кабыл болбоду» деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.» [Муслим]

Комментарий жиберүү