Казакстан: Президенттин резиденциялары муктаж болгон балдарга берилет

  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Костанай, Актау, Тараз, Актөбө жана Атырау облустарындагы резиденциялары келечекте муктаж болгон балдарга пайдалануу үчүн жергиликтүү акимчиликтерге берилет.

Мындай тапшырманы мамлекет башчы Токаев бергенин Fergana.ru басылмасы саясат таануучу Ербол Эдиловдун “Йедилов online” Telegram-каналына шилтеме кылып жазды.

«Резиденциялардын имараттарын кандай пайдаланууну жана аларда так эмнелер ачыларын аймактардын жетекчилиги өз алдынча аныктайт», – деп айтылат маалыматта. Кийинчерээк саясат таануучунун бул маалыматын жергиликтүү бийлик да тастыктады.

«Президенттин буйругу менен Тараз шаарындагы резиденция балдарга берилип жатат. Жумушчу топ түзүлдү, алар резиденцияда так эмне ачыларын чечишет. Мүмкүн майып балдар үчүн ден соолукту чыңдоочу комплекс же балдар үчүн жыл бою иштей турган лагер ачылат», – деп билдирет Жамбыл облусунун акимиаты Arbat media басылмасына.

Мангыстау облусунун акимиаты да мындай буйрук бар экенин ырастап, кошумча маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалаган.

Касым-Жомарт Токаевдин Актау шаарындагы резиденциясы Каспийдин жээгинде жайгашкан.

«Бул жерде коноктор сейрек болот. Ал иштеген жылдары бул жерге президенттер саналуу гана жолу келишкен. Эми бул резиденцияга кимдер кабыл алынат, бул жергиликтүү тургундар үчүн да чоң интригага айланды», – деп билдирет жергиликтүү КТК телеканалы.

Актөбөдө президенттин резиденциясы Каргалы дарыясынын жээгинде жайгашкан жана буга чейин конок үй катары колдонулуп келген. Бул аймакка чет элдик делегациялар жана жогорку даражалуу расмий өкүлдөр келгенде ушул резиденцияга токтошот. Калган убакта мекеме бош, бирок 24 саат бою күзөттө турат.

Бул боюнча Актөбө облусунун акиминин аппарат жетекчисинин орун басары Ержан Байтанаев «Хабар 24» телеканалына берген комментарий берген.

«Резиденциянын базасында жыл бою иштей турган лагерь, реабилитациялык борбор же бала бакча ачылышы ыктымал. Бул мамлекеттик органдар менен макулдашылып, мыйзамдуу түрдө таризделет», – деген ал.

Костанайдагы президенттик резиденция Алтынсарино (Альжанка) айылына жакын жайгашкан 1,9 гектар аянтка жашыл чатырлуу төрт үй, эки боз үй, фонтан, суу үстүндөгү бакча ошондой эле 5 метрлик сууга секирүүчү тирөөч орнотулган.  

Костанайлык “Наша газета” басылмасы резиденция тууралуу кеңири жазып, алтургай квадрокоптерден сүрөткө тартып алган. Бул имараттар кандай максатта пайдаланылары азырынча белгисиз.

Атырау облысындагы резиденцияда (Махамбет ауданында орналаскан) балдарга арналган эс алуу жана ден соолукту чыңдоо борбору курулат.  

«Эмне курулаары так аныкталгандан кийин кайра жабдуу боюнча уюштуруу иштери башталат», – деп билдиришти облустук акимчиликтен.

Казакстандын президентинин расмий резиденциясы – Акорда – Астанада жайгашкан. Буга чейин мамлекет башчынын резиденциясы да мурдагы борбор Алматыда жайгашкан. Бирок былтыр январь айындагы тополоңдо ал талкаланып, андан кийин имаратты бузуу чечими кабыл алынган. Анын ордуна шаардык сейил бак курулат.

Комментарий жиберүү