Кыргызстан боордош Түркиянын жанында. Садыр Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров 7-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты. 

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. 

Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. 

Буга чейин Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн. 

Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 6-февралда эртең менен Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4кө жеткен жер титирөө катталган. Жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген.

Акыркы маалыматтар боюнча, зилзаладан Түркияда 5434 киши каза таап, 31777 адам жаракат алды.

Ал эми Сирияда 1712 адам каза таап, 1440 киши жаракат алды.

Комментарий жиберүү