Түркия жалгыз эмес. Зилзаладан жабыркаган түрк элине жардам көрсөткөн өлкөлөр

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен улам шаарлар бир заматта урандыга айланып, курмандыктардын саны саат сайын өсүп, он миңдеген адамдар жаракат алышты.

Учурда дайынсыз жоголгондор изделип, урандылардын алдында калгандар алып чыгарылууда.

Жер титирөө 6-февраль эртең менен Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болуп,анын күчү 7,4кө жетти. Учурда каза болгондордун саны 2921ге көбөйүп, жаракат алгандардын саны 14 834кө жетти

Жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Акыркы маалыматтар боюнча ал жакта 711 киши каза таап, 1431 киши жаракат алганы айтылды.

Түш ченде жер кайрадан титиреп, анын күчү 7,6га баллга жетти. Эрдоган 12-февралга чейин жалпы улуттук аза күтүү жарыялады.Кечээки жер титирөө акыркы жылдардагы дүйнөдөгү жана 1939-жылдан бери Жакынкы Чыгыш менен Түркиядагы эң күчтүү жер титирөө болду.

Зилзаладан жабыркап, кайгыга батып турган түрк элине көптөгөн өлкөлөр көңүл айтып, жардам кылууга даяр экенин билдиришип, айрым өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан урандылардын астында калган адамдарды издөө жана куткаруу, тазалоо иштерине жардам берүүгө куткаруучуларын жөнөтүштү.

Буга чейин түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Түркияга 45 мамлекет жардам сунуштаганын билдирген.

Кыргызстан

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардамдашуу үчүн Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кечээ, 6-февралда Түркияга 63 кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен ала кетишти. Мындан сырткары, урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Казакстан

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көптөгөн курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Токаев Казакстан Түркиянын кырсык болгон аймактарына куткаруучулар менен дарыгерлерди тез арада жөнөтүп жатканын, ошондой эле боордош өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бүгүн, 7-февралда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары президенттин тапшырмасы менен жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу үчүн Алматыдан Түркияга учуп кетишти.

Отряддын курамында куткаруучулар, кинологиялык топтор жана Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарыгерлери бар. Алар өздөрү менен  куткаруу техникаларын: гидравликалык жана пневматикалык шаймандар, гидравликалык домкраттар, пневматикалык домкраттар, перфораторлор, жарык берүүчү приборлор, чатырлар, спутниктик терминал, каркас модулу, унаалар менен автотехникаларды ала кетишти.

Өзбекстан

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Эрдоган менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө катуу жер титирөөнүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга жана ири кыйроолорго байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо сөздөрүн     билдирип, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өзбекстан бүгүн 7-февралда Түркияга 60 куткаруучу тобун жана 3 бирдик куткаруучу техниканы, ошондой эле гуманитардык жардам жөнөтөт.

Тажикстан

Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да жөнөттү. Ал жер титирөөнүн кесепетинен жүздөгөн адамдардын курман болуп, миңдеген кишилердин жарадар болгондугуна байланыштуу бүткүл тажик элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, тилектештик билдирди.

Тажик лидери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми бардык жабыркагандардын толук сакайып кетишин каалады.Зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын Душанбедеги элчилигинде гуманитардык жардам чогултуу пункту уюштурулду.

Түркмөнстан

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да бүгүн Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоганга көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйраткыч жер титирөөгө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Түркмөн президенти өлкө элинин жана өкмөтүнүн атынан, ошондой эле жеке өзүнүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, оор учурда колдоо сөздөрүн билдирип, жарадар болгондордун тез айыгып кетишин каалады.

Россия

Россия лидери Владимир Путин  Эрдоган менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө, адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады. Путин Анкарага жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Путиндин түздөн-түз тапшырмасы менен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Түркияга 100дөн ашуун россиялык куткаруучулар барды.

Алар өздөрү менен кошо издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн авариялык-куткаруу жабдуударын, анын ичинде эндоскоптор, 4,5 метрге чейинки тереңдиктеги урандылардын арасынан жабырлануучуну табууга мүмкүндүк берүүчү акустикалык издөө приборлору, георадар жана тепловизорлорду ала барышты.

Куткаруучулар менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Александр Чуприян да барды.

Путин Сириянын президенти Башар Асадга да көңүл айтып, жардам берүүнү сунуштады. Өлкөгө Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жөнөп кетет.

Иран

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдуллахиян Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Түркиянын түштүгүндөгү кыйраткыч жер титирөө тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын айтып, курман болгондордун жакындарына, Түркиянын өкмөтүнө жана элине көңүл айтты.

Ал Иран мындай оор учурда түрк элинин жана өкмөтүнүн жанында экенин айтып, Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун дарыгерлери жана куткаруучулар тобу Түркияга жөнөтүлөрүн билдирди. 

Иран өлкөсү ошондой эле жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга жардам жөнөттү. 45 тонна гуманитардык жардам жүктөгөн ирандык учак Дамаск аэропортуна конгонун Сириянын мамлекеттик SANA агенттиги маалымдады.

Түркияга жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардам берүү сунуштарын ошондой эле АКШ, НАТО, Евробиримдик, Түштүк Корея жана башка бир катар өлкөлөр беришти.

Комментарий жиберүү