Гутерреш Израилдин жаңы отурукташуу жери тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Оккупацияланган Палестина аймактарында мыйзамсыз конуштарды курууну уланткан Израиль чоң еврей конушун курууну пландап жатат.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Изриалге «бардык отурукташуу жерлерине байланыштуу аракеттерин чукул түрдө токтотууга» чакырды.

БУУнун басма сөз катчысынан темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Гутерреш Израилдин басып алган Батыш Шериада 4 миңден ашуун жаңы конуш куруу пландарынан «терең тынчсыздангандыгын», бул пландын Израилдин отурукташуу иш-аракеттерин ылдамдата тургандыгын айтты.

Отурукташуу жерлеринин эл аралык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу экендигин баса белгилеген Гутерреш ошол эле учурда булардын эки мамлекеттүү, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка тоскоол болгондугуна көңүлдөрдү бурду.

Мыйзамсыз отурукташуулардын кеңейүүсүнүн чыңалууну жана зомбулукту пайда кылганын белгилеген Гутерреш Израилдин басып алуусунун күч алышына жана Палестина элинин жаратылыш байлыктарын басып алгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Гутерриш «Израиль өкмөтүн оккупацияланган Палестина жерлериндеги бардык отурукташуу аракеттерин чукул түрдө токтотууга» чакырып, Израилден мыйзамдуу милдеттерин аткаруусун талап кылды.

Оккупацияланган Палестина аймактарында мыйзамсыз конуштарды курууну уланткан Израиль чоң еврей конушун курууну пландап жатат.

Палестиналыктар жана Израилдин «Тынчтык кыймылы» сыяктуу солчул мекемелер бул планга каршы чыгышууда.

Палестина башкаруусу менен Европа Биримдиги да бул аракеттин эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун мүмкүнчүлүгүн жок кыларын баса белгилешүүдө.

Комментарий жиберүү