Казакстан менен Германиянын президенттери жолукту. Эмне кеп болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республикага мамлекеттик сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту.

Штайнмайер Токаевдин чакыруусу менен бир күн мурда келген.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан менен Германиянын президенттери Каспий аралык эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүүнүн алкагында, ошондой эле мунай жана газ тармагында кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, деп билдирет казак президентинин маалымат кызматы.Мындан тышкары, президенттер казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

” Каспий аралык эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн, мунай жана газ, жашыл энергетика жана өнөр жай тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди”, — деп айтылат билдирүүдө.Токаев менен Штайнмайер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча да пикир алышышты.

“Тет-а-тет фомартындагы сүйлөшүүлөр достук маанайда өтүп, конструктивдүү жана мазмундуу болду. Эки тараптуу экономикалык күн тартибинин бир катар багыттары боюнча кызматташууну арттыруу боюнча макулдашууларга жетишилди”, – деп белгиледи басма сөз кызматы.

Каспий аралык эл аралык транспорттук маршруту же  “Ортоңку коридор” Кытай, Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Кара деңиз аркылуу Европага өтөт. Каспий аралык эл аралык транспорттук маршруту ассоциациясына 20 компания кирет, анын ичинде сегиз өлкөнүн темир жол администрациялары, порттору, кеме жана башка транспорттук компаниялары бар.

Белгилей кетсек, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Казакстандагы сапарынан кийин 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келе турганын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.

Комментарий жиберүү